Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:41

Керри: Иран санкциялар алынганын алты айда сезе баштайт


Жон Керри, АКШ мамлекеттик катчысы
Жон Керри, АКШ мамлекеттик катчысы

АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри “Америка авазы” радиосуна Иранга каршы санкциялар жеңилдетилгени алты айдан кийин сезиле баштарын айтты.

Кошмо штаттардын мамлекеттик катчысы Жон Керри бул тууралуу “Америка авазы” радиосундагы маегинде билдирип, бирок санкция жеңилдетилгенге чейинки жасалчу иштер бар экенин белгиледи:

- Иран жасай турган, атом энергиясы боюнча эл аралык агенттик аткара турган бир катар иштер бар. Булардын баары санкцияларды жеңилдетүүгө киришүүдөн мурда жасалышы керек. Ага алты айдай убакыт каралып жатат. Бирок так кесе айтуу азырынча кыйын. Бул ага чейин жасалчу иштерден көз каранды. Сентябрь айы абдан маанилүү учур. Ошондо ал ишке ашабы-жокпу, баарыбыз билебиз.

Керри бул иштер жасалмайынча, чоң өзгөрүүлөр сезилбей турганын да кошумчалады.

Тегерандын ядролук программасы боюнча дүйнөнүн алты державасы – АКШ, Британия, Кытай, Орусия, Франция жана Германиянын Иран менен 10 жылдан ашык созулган сүйлөшүүсү өткөн аптада, 14-июлда Венада марага жеткен. Ал келишимге ылайык, Иран ядролук программасын кескин кыскартат жана ага жооп катары Тегеранга каршы эл аралык санкциялар кыскартыла баштайт.

Жон Керри бул келишим иштеп, санкциялар алына баштаганда Иран көрчү пайдаларга да токтолду:

- Иран эли жашоо деңгээли жакшыра баштаганын сезет. Алар соодага, саякаттоого жана инвестицияга чектөөлөр алынганын көрөт.

Мамлекеттик катчы АКШ менен Иран ортосундагы соодадагы көп жылдык чектөөлөрдөн улам негизги эмбарго күчүндө каларын да белгилеп, бирок финансы, банк иштерине жана соода жүгүртүүгө байланышкан санкциялар тез арада алынарын кошумчалады:

- Иранга азык-түлүктөрүн сыртка сатууга уруксат берилет. Килемдерин, мисте жана башка азык оокаттарын тыш дүйнөгө чыгарууга жол ачылат.

Канткен менен санкциялар алынганга чейин Ирандан сыртта да бир топ иштер жасалышы керек. Маселен АКШ Конгресси Иран менен түзүлгөн ядролук келишимди 60 күн ичинде карап чыгышы шарт. Мамлекеттик департамент 19-июлда ишти Конгресстин кароосуна жөнөткөнүн кабарлады. Эгер Конгресс келишимди жактырбаса, президент Барак Обама вето укугун пайдаланарын эскерткен.

Бул келишим айрыкча республикачы конгрессмендер арасында сынга кабылганына токтолгон Керри айрымдар аны окубай туруп эле каршы чыгышканын айтты:

- Каршы чыгып жаткандардын көбү аны окуп чыкпаганын мойнуна алды. Бир топ адамдар жөн гана Иран менен келишим түзүү идеясына каршы чыгышкан.

Керри андан ары Конгрессте аны карап чыгууга 60 күнү бар экенине кубанып жатканын, бул мыйзамчыларга келишимдеги артыкчылыктарды көрүүгө убакыт берерин айтты:

- Мен алар бул келишимге реалдуу карап, андагы жетишкендиктерди көрөт деп ойлойм. Чынында бул жерде ядролук курал коркунучун токтотуу менен башка жакшы иштерге, жаңы мамилелерге жол ачуу мүмкүндүгү бар.

Ирандын руханий жол башчысы Али Хаменей 18-июлда ядролук маселеде келишимге жетишилгенине карабай, Тегерандын АКШнын “текебер өкмөтүнө” карата саясаты өзгөрбөйт деп айткан эле.

Керри бул билдирүүнү “алда канча негативдүү жана драматикалуу” деп баалап, бирок дүйнө иштеринде оптимист экенин айтуу менен “силер азыр угуп жаткан мындай сөздөрдү балким эки айдын, же он айдын аралыгында укпай каласыңар”, - деди.

Ирандагы адам укуктарына байланышкан суроого жооп берген Керри Кошмо штаттар демократияга жана адам укуктарына болгон ишенимин эч качан токтотпосун, адам укуктары дайыма көңүл чордонунда турарын айтып, Иран менен ядролук курал коркунучу фонунда өткөн сүйлөшүүдө бардык маселелерди камтууга убакыт болбогонун белгиледи:

- Ошондуктан биз артыкчылыктуу маселени тандап, ошого ыклас койдук. Муну менен биз ядролук курал коркунучун четке кактык. Эгер бул келишимди конгресс менен Иран парламенти кабыл алып, ал ишке ашса дүйнө жүзү алда канча коопсуз жайга айланат, - деди АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри.

Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф болсо 21-июлда өлкө парламентинде дүйнөнүн бакубат алты өлкөсү менен түзүлгөн ядролук келишим боюнча сөз сүйлөдү. “Келишим жалпысынан Иран үчүн ыңгайлуу деп айта албайбыз. Ар кандай сүйлөшүү – бул алыш-бериш. Бирок Ирандын “кызыл сызыгы” сакталды”, - деди Зариф консерваторлор көпчүлүктү түзгөн парламентте.

Керри: Ирандын санкциялары алты айда жоюлушу мүмкүн
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:37 0:00

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG