Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:21

АКШ Иран менен түзүлгөн келишимди сындады


Рекс Тиллерсон
Рекс Тиллерсон

АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон Ирандын атомдук программасы боюнча түзүлгөн келишимди катуу сындады.

Тиллерсон макулдашуу Тегерандын атомдук мамлекет болуу максатын гана кечеңдетип, бирок өлкөнүн Жакынкы Чыгыштагы чагымдарына бөгөт боло албайт деп билдирди.

- Ирандын атомдук дымагы дүйнөдөгү тынчтыкка жана коопсуздукка коркунуч жаратат. Кырдаалга көңүл бурбай койсок, Иран Түндүк Кореянын жолуна түшүшү мүмкүн, - деди мамкатчы.

Тиллерсон Иран АКШнын Ливан, Ирак, Сирия жана Йемендеги кызыкчылыктарына шек келтирип жатканын айтып, ал өлкөгө карата саясатты иштеп чыгууда Тегерандын бардык коркунучтарын эске алынууга тийиш деди:

- Иран терроризмдин дүйнөдөгү эң башкы демөөрчүсү, көптөгөн жаңжалдардын отуна май тамызып келатат. АКШнын Сирия, Йемен, Ирак жана Ливандагы кызыкчылыктарына доо келтирүүдө. Израилге каршы чабуулдарды колдоону улантууда. Ооздукталбаса, Иран Түндүк Кореянын жолуна түшөт жана калган дүйнөнү артынан сүйрөйт. Иран боюнча ар тараптуу саясат Иран жараткан бардык коркунучтарды эске алууга тийиш. Андай коркунучтар болсо көп. Иран канкор Асад режимин колдоп келатат, муну менен дээрлик жарым миллиондой сириялыктын өмүрүн кыйган жана миллиондогонун үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур кылган жаңжалдын созулушуна салым кошууда.

АКШ президенти Дональд Трамп Иран менен келишимди кайра карап чыгуу тапшырмасын берген эле.

Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

​Тиллерсондун айтымында, Тегерандын ал макулдашууну аткарып же аткарбаганы гана эмес, Ислам жумуриятынын региондогу аракеттери америкалык кызыкчылыктарга шек келтирүүдөбү деген маселе да талданмакчы. Ошол эле маалда 18-апрелде Мамлекеттик департамент Иран 2015-жылкы келишимди сактап келатканын билдирген.

Тиллерсон келишим Иран ядролук куралга ээ болбошу керек деген негизги максатка жооп бербейт деди.

АКШ мамкатчысынын айткандары боюнча Ирандын жообу күттүргөн жок. "АКШ Иранды айыптоонун ордуна 2015-жылкы өзөктүк келишимдеги өз милдеттерин аткарышы керек" деп жазды 20-апрелде Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф Твиттерге.

Мухаммад Жавад Зариф.
Мухаммад Жавад Зариф.

Тегеран ядролук куралдын үстүнөн иштеп жатканын дайыма четке кагып, атомдук программасы тынч максаттарды гана көздөөрүн айтып келет.

Буга чейин АКШ президенти Иран менен ядролук келишим – дүйнөдөгү эң начар макулдашуу деп айтканы бар. Шайлоо кампаниясы маалында Трамп аны катастрофа деп атап, АКШ келишимден баш тартышы мүмкүн деген.

Ал эми мурдагы президент Барак Обама келишимди америкалык дипломатиянын жеңиши катары сыпаттап, Иранга ядролук курал чыгарууга жол бербейт деген.

2015-жылдын июлунда Тегеран жана дүйнөлүк алты ири державасы кол койгон макулдашууга ылайык, Иран уран байытуу иштеринен баш тартат, ядролук программасын чектейт, бул үчүн эл аралык санкциялардын бир бөлүгү алынат деп айтылган.

Израил жана Сауд Арабиясы Ислам жумурияты менен келишим өлкөнүн ядролук өнөр жайын таптакыр жабууну карабайт жана Ирандын аймактагы агрессиясын көңүл сыртында калтырып койгон деп катуу каршылыгын билдирип келген.

19-апрелде Эр-Риядга барган учурунда АКШнын коргоо министри Жим Мэттис да Тегеранды сындаган эле. «Региондогу ар бир проблемага байкоо салсаңар, бардык жерде Иранды көрөсүңөр, - деген министр.

Келишимди жактагандар арасында да анын чектелүү экенин белгилешет. Мисалы, Иран уран байытуу процессин токтотушу керек деген шарт 10 жылда соңуна чыкмакчы.

АКШнын мурдагы президенти Барак Обама.
АКШнын мурдагы президенти Барак Обама.

Обама өзү да документте Тегерандын Сирия жана Йемендеги согуштардагы ролу же баллистикалык ракета өнүктүрүү маселеси козголбогонун моюнга алган.

Экс-президент келишим Ирандын ядролук куралга жетүүсүн алдын алууну гана көздөгөнүн, ошол эң башкы коркунучту эске алып атайылап ушундай түзүлгөн деген.

Обама Ирандын ракета чыгаруу программасын жана адам укуктарын бузуу фактыларын бутага алган санкцияларды күчүндө калтыруу аракетин көрүп келген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG