Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:01

АКШ: Иран козголоңчуларды ракета менен камсыздайт


АКШнын расмий адамдары Иран америкалык кемелерге сокку уруу үчүн Йемендеги козголоңчуларды ракеталар менен камсыз кылган деп айыпташты. Тегеран айыптоолорду четке какты.

Сенаттын куралдуу күчтөр комитетинин төрагасы Жон Маккейн 13-октябрда Пентагондун маалыматына таянып, АКШ Деңиз күчтөрүнүн “Мэйсон” согуштук кемесине үч жолу ийгиликсиз сокку урулганын, ал ракеталарды болжол менен Иран жөнөткөнүн билдирди. Республикачыл сенатор коргоо мекемесинин жооп иретиндеги чабуулдарын кубаттарын кошумчалады.

12-октябрда АКШ Йемендин хуси козголоңчулары көзөмөлдөгөн аймактарындагы үч радиолокациялык станцияга үч ракета аткан эле. “Кошмо Штаттардын Деңиз күчтөрү мындай агрессияга жол берилбейт деген катуу эскертүү жасады”, - деди МакКейн.

Буга чейин АКШ Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Жон Көрби америкалык кемелерге атылган ракеталар менен хусилерди Иран камсыз кылган деп айтып, ошол эле маалда козголоңчулар Йемендин өкмөттүк армиясынын курал-жарактарын басып алган болушу да мүмкүн деп кошумчалаган.

Тегеран хусилерди колдогону менен, аларды куралдандырууда деген айыптоолорду четке кагып келатат. Бирок АКШ хусилердин радар системасына сокку уруп жооп кайтаргандан кийин Иран Йемендин жээгине, Аден булуңуна эки согуштук кемесин жиберди жана муну “соода кемелерин пираттардан коргоо кадамы" деп түшүндүрдү.

Пентагон өз кезегинде ал соккулар коргонуу иретинде эле урулганын, АКШ Йемендеги жаңжалда өз ролун кеңейтүүнү каалайт деп айтууга болбостугун баса белгиледи. Пентагондун маалымат катчысы Питер Кук 13-октябрдагы маалымат жыйынында буларды айтты:

- Бул соккулар АКШ коопсуздугунун маанилүү бир бөлүгү болгон деңиз кемелерибизге жана навигациянын эркиндигине каршы жаралган коркунучка жооп катары урулду. Ал чабуулдардын Йемендеги урушка тиешеси жок. Кошмо Штаттар жаатташкан тараптарды салгылашууларды токтотуу, жаңжалды саясий жол менен жөнгө салуу аракетин көрүүгө үндөп келатат.

Президент Барак Обаманын тикелей уруксаты менен урулган соккулар Вашингтондун хусилердин буталарына каршы алгачкы аскердик иш-чарасы болуп калды. АКШ Коргоо министрлиги чабуулдардын чектелген алкакта эле жүргүзүлгөнүнө, америкалык кемеге ракета чыгарууда колдонгон радарларды керектен чыгарууну гана көздөгөнүнө басым жасоодо.

Ал эми Иран Йемендин жээгине кемелерин жөнөттү деген маалымат боюнча Кук комментарий берүүдөн баш тартты:

- Ирандык кемелердин жайгашуусу жөнүндө алар өздөрү айтып берсе туура болмок. Биз жана көптөгөн өлкөлөрдүн кемелери сөз болгон сууларда дайыма жүрөбүз. Дүйнөнүн ал бөлүгүндө Ирандын да кемелери бар болсо таң калбайм.

Пентагондун өкүлү ошондой эле америкалык кемеге атылган ракеталар менен Иран камсыздаган деген маалыматы жоктугун айтты.

Ал эми Йемендин өзүндө гуманитардык абал күн санап начарлап баратканын Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 12-октябрда кайрадан эскертти.

Сауд Арабиясы баштаган коалиция Йемендин эл аралык коомчулук тааныган өкмөтүн шиит көтөрүлүшчүлөрүнө каршы күрөшүн колдоп, 2015-жылдын мартынан бери аба операциясын жүргүзүп келатышат.

Мурдагы президент Али Абдулла Салехке жан тарткан күчтөр менен хусилер 2014-жылы Санаа жана башка жерлерди басып алып, учурдагы жетекчилик Аден шаарында баш калкалоого аргасыз болгон.

Улуттар уюмунун маалыматы боюнча, салгылашуулар менен бомбалоолордон 10 миңдей киши, аялдар менен балдар набыт кетти. 35 миңге чукул адам жараат алды.

XS
SM
MD
LG