Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:54

АКШ Иранга каршы санкциялар тууралуу жарыялады


АКШ финансы министри Тимоти Гайтнер санкцияларга байланыштуу кабарчылардын суроолоруна жооп берди, 16-июнь, 2010-жыл
АКШ финансы министри Тимоти Гайтнер санкцияларга байланыштуу кабарчылардын суроолоруна жооп берди, 16-июнь, 2010-жыл

АКШ Финансы министрлиги Иранга каршы катаң санкция киргизилип жатканын билдирди. Муну менен АКШ өкмөтү Иранды атомдук программасынан жана терроризмди колдоодон баш тартууга көндүргүсү келет. Евробиримдиктин бүгүнкү саммиттинде да Иранга каршы санкция маселеси каралмакчы.

Финансы министри Тимоти Гайтнер бул - Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши өткөн аптада кабыл алган резолюциянын алкагындагы алгачкы чара деди.

- Биз санкциялар тизмесине Иранга атомдук жана ракета куруу программаларын каржылоого, эл аралык санкциялардан качып кутулууга жардам берген бир катар мекеме жана жеке адамдарды коштук. Калган өкмөттөр жана чет өлкөлүк финансылык институттар ошол фирма, адамдардан, демек Ирандын мыйзамсыз иш-аракеттерин колдоодон оолак болсун деген максатты көздөйбүз.

Жаңы чараларга ылайык, кара тизмеге киргизилгендерге АКШ банктары аркылуу акча которууга тыюу салынат жана алардын Америкадагы банк эсептери тоңдурулушу ыктымал.

Тизмеге Ирандын коргоо министри Ахмад Вахиди, Атомдук энергия мекемесинин өкүлү Жавад Карими Сабет жана Революциялык гвардиянын кол башчысы Мохаммад Али Жафари киргизилген. Ага ошондой эле Иран ээлик кылган дагы бир банк, Улуттук кемелер компаниясы, Иран өкмөтүнө таандык мунай, энергия, камсыздоо компаниялары камтылган.

Гайтнердин айтымында, Революциялык гвардиянын аба жана ракета күчтөрүнүн командачылыгы Ирандын ракета куруу программасында жана терроризмди колдоодо негизги ролду ойногон. Ал АКШ экономикалык санкцияларды мындан ары да улантат деди.

Жазалоочу чаралардын автору, министрдин терроризм жана финансылык чалгындоо боюнча орун басары Стюарт Левей Тегеран президент Обама жана эл аралык коомчулук сунуш кылган жол менен мындан аркы изоляция ортосунда тандоого тийиш деп билдирди.

Муну менен Иран эли жазаланып калбайбы деген суроого ал мындай жообун узатты:

- Иран эли менен эч кандай проблемабыз же талашаар нерсебиз жок. Маселенин бардыгы Иран өкмөтү жана анын чечимдерине барып такалат. Ошондуктан биздин санкцияларды ошол чечим кабыл алган адамдарга каршы багыттоого аракеттенүүдөбүз, - деген Левей Революциялык гвардия мыйзамсыз иштерге малынганына аз келгенсип жарандарга караганда ар кандай экономикалык артыкчылыктарга ээ болууда деп кошумчалады.

“Биз Иран элин саясий жана экономикалык жактан басмырлаган адамдарды жазалоону көздөйбүз", - деди Левей.

XS
SM
MD
LG