Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:08

Ренци кызматтан кетүүгө арыз берди


Маттео Ренци 4-декабрдагы референдумда добуш берүүдө.
Маттео Ренци 4-декабрдагы референдумда добуш берүүдө.

Италия премьери Маттео Ренци отставкага кетүү тууралуу расмий арыз жазды. Өлкө президенти Сержио Маттарелла андан жаңы өкмөт куралганча премьер-министрдин милдетин аткарып турууну өтүндү. Бул тууралуу президенттин өкүлдөрү билдиришти. Маалыматка караганда, бүгүн өкмөт куроо боюнча саясий партиялар менен сүйлөшүүлөр башталат.

Маттео Ренци жекшемби күнкү референдумду колдогон эле. Анда Сенаттын жана жергиликтүү бийликтин ыйгарым укуктарын кыскартуу максатында Конституцияга өзгөртүү киргизүү сунушталган. Бирок премьер-министрдин демилгесин шайлоочулардын 41 пайызы гана колдоп, 59 пайызы каршы чыкты. Мындан улам ал отставкага кетерин жарыялаган. Алгач 5-декабрда арыз жазып, бирок президент бюджет кабыл алынганга чейин кызматтан кетпей турууну сунуштаган.

XS
SM
MD
LG