Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:37

АКШ террорго каршы саясатты Ооганстан менен акылдашып жүргүзөт


Президент Хамид Карзай:Чабарман Холбрук мага президент Обаманын сөзүн жеткирди. 15-февраль, Кабыл.
Президент Хамид Карзай:Чабарман Холбрук мага президент Обаманын сөзүн жеткирди. 15-февраль, Кабыл.

АКШ терроризмге каршы согуштун стратегиясын кайра иштеп чыгууга Ооганстандын өкүлдөрүн да чакырды. Бул жөнүндө президент Хамид Карзай жана АКШнын атайын чабарманы Ричард Холбрук жекшемби күнү Кабылда жарыя кылышты.

Вашингтон Түштүк Азиядагы террорчулукка каршы күрөштүн саясатын өзгөртүү боюнча талкуу өткөргөндө, ага Ооганстандын да өкүлдөрү катышат. Мындай билдирүүнү жекешмби күнү президент Хамид Карзай Кабылда АКШнын чабарманы Ричард Холбрук менен чогуу жасады: «Чабарман Холбрук мага президент Обаманын сөзүн жеткирди. Обама Кошмо Штаттардын терроризмге каршы күрөштөгү өзгөртүлгөн стратегиялык планын иштеп чыгууга Ооганстан катышсын деген сунушумду колдогонуна аябай ыраазымын.»

Бул кабар Барак Обаманын администрациясы террорчуларга каршы күрөштө Карзайдын өкмөтү менен жоопкерчиликти тең бөлүшүүгө катар, Ооган тараптын жоопкерчиликти көбүрөөк алышы керек экенине ишаара кылат.

Президент Обама өткөн аптада Ооганстандагы кырдаал осолдоп баратканга байланыштуу региондогу аскерий жана дипломаттык саясаттын стратегиясын өзгөртүүнү буйруган. Ак Үй, ошентип, талиптерге каршы жети жылдан бери жүрүп жаткан согуштун стратегиясын өзгөртмөк болууда.

Кыраакы дипломат Ричард Холбруктун Ооганстандагы төрт күндүк сапары -АКШнын жаңы администрациясы менен Карзай ортосундагы биринчи түз байланыш. Барак Обама Карзайдын өкмөтүн «элден алыс» деп, Мамкатчы Хиллари Клинтон болсо «Ооганстанды наркомамлекет» деп сындагандан кийин Карзай мурдакыдай АКШнын сүймөнчүгү болбой калыптыр деген кеп- сөздөр тараган эле.

Холбрук Кабылда анын сапары АКШ Ооганстандагы террорчулукка каршы согушту токтотпосун күбөлөй турганын белгиледи: «Биз биякка президент Обаманын, Мамкатчы Клинтондун жана жаңы администрациянын атынан Америка Ооганстандагы талибан кыймылына жана «ал-Каидага» каршы күрөшүүгө бекем бел байлаганын тастыктоо үчүн келдик».

Холбрук Кабылга аттанар алдында Ооганстанда Ирактагыга караганда бир кыйла татаал болорун, анткени мурдакы өкмөт(Буштун администрациясы) калтыргандай башаламандыкты эгерим көрбөгөнүн айткан.

АКШнын жаңы өкмөтү жалгыз президент Карзайдын өкмөтү менен иштешпесин Холбруктун визити тастыктады. Тасыккан дипломат Кабылда өкмөт мүчөлөрү, оппозициячыл саясатчылар, парламентарийлер, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен да жолугушту. Холбуроуктун айтышынча, мындан ары ал өзү жана жардамчылары Ооганстанга үзбөй каттап, өлкөдөгү кырдаалды жакшыртуу боюнча Ооган тарап менен масилеттешип турат.

Жекшемби күнү талип согушчандары Пакистандын түндүк батышындагы Сват өрөөнүдө 10 күнгө ок атууларды токтотконун жарыялады. Өрөөндүн көпчүлүк бөлүгү азыр талиптердин кол астында. Беш ай мурда талиптер уурдап кеткен кытайлык инженер да бошотулганы да маалымдалды.

Талипчил диниятчы Сопу Мухаммаддын билдиришинче, элдешүү келишимине эки жак дүйшөмбү күнү кол коюшу ыктымал. Талиптердин бул кадамына Ричард Холбруктун Пакистанга жасаган визитинин тиешеси барбы, белгисиз.

XS
SM
MD
LG