Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:13

Бейлстин окуясы согуштун кыйыр зыянын ашкерелөөдө


"Ирак ветерандары согушка каршы" коомунун Нью-Йорк шаардык бөлүмүнүн мүчөлөрү жана башка ветерандар "99% ветерандар" жүрүшү маалында. 2-ноябрь 2011
"Ирак ветерандары согушка каршы" коомунун Нью-Йорк шаардык бөлүмүнүн мүчөлөрү жана башка ветерандар "99% ветерандар" жүрүшү маалында. 2-ноябрь 2011

11-мартта Ооганстанда жергиликтүү 16 жаранды атып салган АКШ армиясынын сержанты 19-мартта биринчи жолу өз адвокаты менен кездешти.

38 жаштагы Роберт Бейлс азыр Канзас штатында абакта отурат. Эки согуштун ветераны Бейлстин аскерий таржымалы урушка катышкан адамдар кабылган физикалык жана психологиялык азап-илдеттердин жана согуштун баасы жөнүндө кеңири талкуу жаратты.

Роберт Бейлс аскерге 2001-жылы 11-сентябрда АКШ шаарларында болгон террордук чабуулдардан кийин өз ыктыяры менен кеткен. Сержант 16 ооганды атып салганга чейин эки согушка барып, төрт жолу майданга жөнөтүлгөн. Адвокат Жон Генри Браун Форт Левенворт түрмөсүндө Бейлс менен жолуккан соң кардары травмадан кийинки стресстен жабыркаган болушу мүмкүн экенин билдирди.

Мурдараак “Вашингтон Пост” гезити былтыр күздө Бейлс Ооганстанга барууну каалабаганын жана Иракка бир барганда башынан жараат алганын жазган.

Бейлстин окуясы Кошмо Штаттарда акыркы 11 жылдагы согуштун куну канча турат деген кызуу талкуу жаратты. 2001-жылдан бери Ооганстан жана Иракка 2 миллиондон ашуун америкалык аскер жөнөтүлгөн. Алардын кээ бирлери согушта бир нече жолудан болушкан.

Сержант Роберт Бейлс (солдо) Ирвин Фортундагы Улуттук машыгуу борборундагы көнүгүүлөр учурунда. Калифорния. 23-август, 2011
Сержант Роберт Бейлс (солдо) Ирвин Фортундагы Улуттук машыгуу борборундагы көнүгүүлөр учурунда. Калифорния. 23-август, 2011
Фил Ландис - Вьетнам согушунун катышуучусу. Азыр Сан Диегодо Ветерандар кыштагын жетектейт. Бул жерде жылына уруштун кесепетинен баңги, селсаяк болуп кеткен же жумушсуз жүргөн 2 миңден ашуун согуш ветераны жардам алат.

Ландис жаш аскерлер урушта алган жараат аларды өмүр бою коштоп, унутулбай кыйнаганын элестетүү кыйын дейт:

- Мага бир жыл жетиштүү болду. Мен бир нече жолу согушка барып, улам жер которуп жүргөн жигиттер менен аялдар башынан өткөргөн окуялардын кесепетин элестете албайм. Травманын тагы такыр кетпейт. Бул жигиттер Иракка же Ооганстанга барып келишип, үйлөрүндө 6 же 7 ай, балким 8 ай болгондон кийин кайра артка кетишкен. Алар эч качан чындап отставкага чыгышпайт. Алар күжүрмөн даярдыктамын же миссия аткарып жүрөм деген абалдан эгерим бошоно алышпайт. Согуштун эффекти алардын тулкуна бекем сиңип, дайыма кыйнап турат.

Сержант Бейлстин айтышынча, оогандарга аңга чыккандан эки күн илгери аны менен чогуу кызмат өтөгөн жигиттин таманын бомба жулуп кеткен.

Пентагондун маалымдашынча, 2001-жылдан бери Ооганстан жана Иракта 40 миң америкалык аскер ар кандай деңгээлде жарадар болгон. Ошолордун бири - лейтенант Камэрон Керр. Ал былтыр февралда Кандагарда минага сол бутун алдырып алган. Керр азырынча трамвадан кийинки синдромду баштан өткөрө элек. Бирок ал андай азапка кабылган көптөгөн жоокерлерди билет.

- Арийне, жараат көп учурда травмага окшош,-дейт лейтенант. -Бомбага кабылган адам катары мындай тажрыйбаны эч кимге каалабайт элем. Кээ бир бактылуу жигиттер башынан өткөргөнүн унутту. Бирок көбүбүз аны өмүр бою унута албай, атүгүл кыйналып жүрөбүз. Согушка бир нече жолу барган көпчүлүк жигиттер көргөндү эч ким, өзгөчө 19-20 жаштагы уландар, деги ким да болбосун көрбөсүн.

Америкалык аскер Ирактын Кут шаарындагы бомба жарылган жерде баратат. 25-август 2010
Америкалык аскер Ирактын Кут шаарындагы бомба жарылган жерде баратат. 25-август 2010
Психолог Шари Белтер согуш ветерандарын 20 жылдан көп мезгил дарылап келет. Белтер айым согушка катышкан аскерлердин эмоционалдык травмадан айрылуусу өтө кыйын экенин белгилейт:

- Биздин кээ бир ветерандарыбыз көп жоготууларды көрүштү. Алар согуш талаасында бирге жүргөн жоокерлердин, досторунун өлүмүн же колу-бутунан ажыраганын, болбосо денесинен жараат алып, өмүр бою азиз болуп калгандарды өздөрү көрүшкөн болушу мүмкүн. Биздин бир катар ветерандарыбыз жаман илдетке үйрөнүп, маң заттарына байланып калган.

Пентагондун белгисиз калууну өтүнгөн даражалуу кызматкеринин айтымында, Бейлс жортуулга аттангандан бир нече саат мурда арак ичкен. Дагы бир расмий булак “Нью-Йорк Таймс” гезитине Бейлсти кылмышка стресс жана арак түрткөнүн айткан.

Ооганстанда жана Иракта ичимдикке тыйуу салынса да акыркы беш жылда АКШ армиясында аракечтик эки эсеге чукул көбөйгөн. 2010-жылы 13 миңдей жоокер алкоголдон дарыланган.

Ненси Шилиро айым 2005-жылы Иракта согушта жүрүп, оң көзүн жоготкон. Уруштан келгенден кийин жарааттын оорусун басам деп, дары-дармекти аябай көп ичкенин эстегенде али да жөн тура албайт.

- Мен бир көзүмдү жоготконумда 25 жашта болчум. Ошондон тарта башыма томого тагып жүрөм. Мен үйүмдү таштап кетпедим. Мен жараатым ооругандан жана депрессиядан улам күчтүү дарыларды ичтим. Мен дарыга өтө эле көз каранды болуп баратканымды туйдум. Физикалык оорууну басуу үчүн эмес, эмоционалдык азаптан чыгуу үчүн дары ичип жатканымды түшүндүм. Менин ойлонгум да, сезгим да келбеди.

Ширило айым азыр “Жарадар жоокерлер” коомунан түрдүү жардам алып турат.
Сержант Бейлске да ушундай бир коомдон жардам алышы мүмкүн. Эгерде анын күнөөсү тастыкталса, өлүм жазасына тартылышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG