Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:31

Орусия: Кемероводо Немцовду эскерүү жүрүшүнө тыюу салынды


Немцов 2015-жылдын 27-февралында Москванын чок ортосунда киши колдуу болгон.
Немцов 2015-жылдын 27-февралында Москванын чок ортосунда киши колдуу болгон.

Орусиянын Кемерово шаарында оппозициялык саясатчы Борис Немцовду эскерүү боюнча жүрүшкө уруксат берилген жок. Уюштуруучулар Ленин көчөсүндө жүрүшкө чыгууну максат кылган. Шаардык бийлик "элге жана транспорт каттамына тоскоолдук жаралат" деген жүйө менен жүрүшкө тыюу салды. Мэрия өкүлү андан башка жерде да мындай иш-чараларды өткөрүүгө болбой турганын билдирди.

2016-жылы Кемероводо Немцовду эскерүүгө арналган марштын тогуз катышуучусу кармалган, алардын үчөө административдик жазага тартылып, он күнгө камалып чыккан, калгандары айыппулга жыгылган.

Борис Немцов 1990-жылдары орус өкмөтүндө бир катар жогорку кызматтарда иштеп, 2000-жылы оппозицияга өткөн. 2015-жылы 27-февралда Москванын борборунда атып өлтүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG