Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:15

"Рок-н-ролл падышасы” Элвис Пресли


АКШ -- Элвис Пресли күйөрмандарынын курчоосунда. Голливуд, 1958-жыл.
АКШ -- Элвис Пресли күйөрмандарынын курчоосунда. Голливуд, 1958-жыл.

18-августта “Рок-н-роллдун падышасы” аталган америкалык атактуу ырчы Элвис Преслинин сөөгү жерге берилгенине туура 35 жыл болот. Болгону 42 жашында дүйнөдөн өткөн Элвис "Heartbreak Hotel", "Hound Dog", "Love me Tender" жана башка ырлары менен атак-даңкка жетип, Америка маданиятынын символу саналган инсандардын бири болчу.

Анын кайталангыс талантын, сулуулугун, адамды өзүнө тартып турган жылдыздуу жүзүн, ар дайымкы шаңдуу маанайын миллиондогон адамдар сүйчү. Аны дүйнө Элвис деген ат менен таанычу. Элвисти «Рок-н-роллдун падышасы» же жөн эле «падыша» деп коюшчу. Анын Heartbreak Hotel, Hound Dog, Love me Tender, All Shook Up, It's Now or Never, Are You Lonesome Tonight аттуу хиттери дээрлик жарым кылым өтсө да актуалдуулугун жоготкон жок.

Бир үйдүн жалгыз уулу Элвис карьерасын 1954-жылы АКШнын Теннеси штатынын Мемфис шаарындагы легендарлуу Sun Records студиясынан баштаган. Ырларын жаздыра электе эле радиодон уккан музыкаларын өзүнчө талдап, дүкөндөрдү кыдырып сахнага кийип чыкчу кийимдерди тандап жүрө берчү экен.

1956-жылы Элвистин жылдызы жанып, чү дегенде эле дүйнөнү дүңгүрөтчү ырлары пайда болду. Ал Америка музыкасына жаңы доор алып келип, анын ар бир чыгармасы популярдуулуктун туу чокусуна чыгып турду. Элвис аткарган кантри музыкасы, кийген кийими, кыймылы, манерасы жана жаштыгы менен миллиондогон жаштардын кумирине айланган.

Ал 1958-жылы атактуу болгонуна карабай аскерде кызмат өтөп, мөөнөтү бүтөөр замат Америкадагы салмактуу продюсер Том Паркер менен келишим түзүп, ири коммерциялык долбоорлору ийгиликтүү ишке ашкан. 1973-жылы Елвис спутник аркылуу көгүлтүр экранда койгон концертин бир жарым миллиард адам көргөн. Ал 33 тасмага тартылып, бир катар эл аралык сыйлыктарга татыган.

Кийин убакыттын тартыштыгынан Элвис эс алдыруучу жана уктатчу дарыларды өтө көп колдонгону айтылат. 1977-жылы, 16-августта атагы таш жарып турган ырчынын өлүк денеси өз үйүнөн табылган. Анын өлүмүнүн себеби ден-соолугуна байланыштуу дарыны көп ичкендиктен болду деп айтылганы менен элге Элвис баңгизатты чегинен ашыра колдонуп көз жумган деген каңшаар тараган.

Канткен менен Елвис дүйнөлүк поп-маданияттагы атактуу инсандардын бири болуп калды.


  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG