Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:29

КЫРГЫЗ БОКСЕРУ АЛМАЗ РАЙЫМКУЛОВ АМЕРИКАЛЫК ОГАСТЕСТИ ЖЕҢДИ


11-январдын түнүндө АКШнын Филадельфия шаарында профессионалдык бокс мелдешинде кыргыз жигити Алмазбек Райымкулов түндүк америкалык Эммануел Огастес менен беттешип, жеңишке жетишти.

Америкалык маалымат каражаттары билдиргендей эл аралык спорт чебери кыргызстандык Алмаз Раимкулов атаандашы Эммануелге миңден ашуун сокку урган.

“Алмаз Раимкулов тогузунчу раундда каршылашын эсин оодара согуп оюнду өз пайдасынан эрте бүтүрөйүн деди, бирок, Эммануел Огастес чыдамкайлыгын көрсөтүп финалдык гонго жетип аягында жеңилди. Калыстар тобу бир добуш менен кыргызстандык Алмазбек Раимкуловду жеңүүчү деп табышты. Себеби Алмаз таймашуу учурунда 100 упай топтоого үлгүрсө, анын атаандашы 89 упайга ээ болгон”, - деп маалымдайт америкалык “FightNews” басмасы.

Ошентип Алмаз Райымкулов Түндүк Америка бокс федерациясынын чемпиону деген наамын сактап калды.

Алмазбек Раимкулов эл аралык бокс ассоциациясынын рейтингинде 11-орунда турат. Профессионалдык рингде 2001-жылдан бери өзүн сынап келетат, анын эсебинде 23 жеңиш болсо он төрттүн нокаут менен уткан, 1 гана утулуу жана Хоель Касамайора менен болгон беттешүүсү тең чыгуу менен жыйынтыкталган.

Алмаз Райымкуловдун биринчи устаты, өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Кален Асановдун айтымында профессионалдык бокста анын кадыр- баркы жогорулап баратат.

Сидней Олимпиадасында бокс чөйрөсүнө таанылган Алмаз Райымкулов Бангкокто өткөн бокс боюнча Тайланд Королунун кубогунда жеңишке жетишкен.

Алмаз 1977-жылдын 18-февралында Жалалабат областынын Алабука айылында врачтын үй- бүлөсүндө туулган. Ал 5 бир туугандын кичүүсү. Бокс менен машыгууну 1990-жылы Ош шаарында баштаган. Ал жашынан көзгө илинди, 15 жашынан баштап эл аралык мелдештерде мөөрөй алып, спорт чеберлери менен тең тайлашты.

1995-жылы Кыргызстандын чемпиондугун жеңип, спорт чебери аталган. Кыргызстандын бокс боюнча улук машыктыруучусу Шайбек Карагазиевдин айтымында Алмаздын ийгиликтеринин жаралышына- анын эмгекчилдиги, өжөрлүгү, чыдамкайлыгы себепкер.

Ата Мекендик согуштун баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун байгесине арналган эл аралык турнирде 7 жолу жеңиштин бийик сересине көтөрүлдү. Россия, Казакстан жана Өзбекстанда өткөн эл аралык мелдештерде мөрөй алган.

Тегеранда өткөн Батыш Азия өлкөлөрүнүн I оюндарында Алмаз күмүш медаль тагынган.
Алмаз Райымкулов- Кыргызстандын көп жолку чемпиону, эл аралык спорт чебери.

2000-жылкы Сидней олимпиадалык рингде Алмаз биринчи беттешүүдө монголиялык Ютумен Тулантсетсегди артыкчылык менен жеңип алды. Экинчи беттешүүдө колумбиялык Круз Лазо Жозе- Леонардону жеңди. Жарым финалга чыкчу таймашта мексикалык Бегидана Бенитез Кристанга 12:14 эсебинде алдырып коюп, коло медалды колдон чыгарды. Ошентип Сиднейде 4 - орунду ээлеген Алмаз учурда профессионалдык рингде Кыргызстанды таанытып жүрөт.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG