Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:39

ДЕМОКРАТТАРДЫН ЖЕҢИШИ ТЫШКЫ САЯСАТКА КАНДАЙ ТААСИР БЕРЕТ?


АКШнын Конгрессине өткөн өткөөл шайлоонун алгачкы жыйынтыгы боюнча демократтар Өкүлдөр Палатасында көпчүлүк орунга ээ болушту. Алар ошондой эле Сенатта дагы көпчүлүк орунга ээ болушу ыктымал. Мындай жагдай АКШнын тышкы саясатына кандай тассир этиши мүмкүн? Бул суроого Лондондогу стратегиялык изилдөөлөр институтунун жооптуу кызматкери Дана Аллин жооп берет.

- Көптөгөн аналитиктер АКШда өткөн шайлоодо иш жүзүндө президент Буштун саясаты колго коюлганын айтып жатышат. АКШнын тышкы саясатында эми өзгөрүү болобу?

-Бул Конгресске шайлоо эмес эле, улуттук шайлоо болду, аны Буштун саясаты боюнча өткөрүлгөн референдум десек да туура болот. Бул жөнүндө талашса да болот, бирок демократтардын өкүлдөр паталасында көпчүлүк добушка ээ болуп, Сенатта да көпчүлүк орун алуусу мүмкүн экенин эске алганда, АКШнын саясаты эмки эки жылда сабырдуураак болот дегенге негиз бар,-деди Аллин.

- Саясатта кандай өзгөрүүлөр болушу ыктымал?

-2008-жылы боло турган шайлоодо президенттикке ат салышаары болжолдонуп жаткан республикачыл Жон МэкКейн жеңип чыгып, Конгресс демократтардын колунда кала берет деген күнү да МэкКейн Конгресс менен иштешип, сабырдуураак саясат иштеп чыгат деп элестетсек болот. Мындай өзгөрүү жер шарынын жылып баратканына байланыштуу саясатка жана түрмө туткундарына жасалып жаткан мамилеге да таасир этет.

- АКШнын Ирак саясаты өзгөрөбү?

- Европа Иракта дегеле эч кандай саясат жүргүзбөйт. Иракта Американын гана саясаты бар. Европалыктар Ирактагы абалдын начарлап баратканынан коркуп жатышат жана акыбалды оңоо үчүн алардын колунан аз гана нерсе келет. Ирак маселесин кандайча жөнгө салуунун рецепти еропалыктарда бар деп айта албайм. Ирактагы саясатты АКШдан башкача кылабыз деген талаш үндөр да Европада угулбайт.

Дана Алин НАТОнун Ооганстандагы саясатына токтолуп, бул маселеде Европа менен Американын ортосунда чоң пикир келишпестиктер жокко эсе экенин, болгону тигил- же бул иш чаралардын эффективдүүлүгү боюнча көз караш айырмачылыктар бар экенин айтып кетти.

Баян Жумакадыр кызы

XS
SM
MD
LG