Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:43

Айрым депутаттар кезексиз сессияга чогулуу демилгесин көтөрүүдө


Жогорку Кеңеш
Жогорку Кеңеш

Жогорку Кеңеш чукул жыйынга чогулуп, “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевди эмне үчүн күч менен кармап кеткенин расмий органдардан сурашыбыз керек. Мындай пикирин КСДП фракциясынын депутаты Жанар Акаев өзүнүн "Фейсбук" баракчасына жазды. Ал учурда бир нече депутат кезексиз сессияга чогулуу тууралуу маселени сүйлөшүп жатканын кошумчалады.

- Албетте, Өмүрбек Текебаев күнөөлүү же күнөөсүз экенин сот далилдейт, тергөө иштери мыйзамга ылайык болушу шарт. Бирок чет элдик жарандардын сырттан туруп берген көрсөтмөсү менен белгилүү саясий ишмерди, оппозициялык фракциянын лидерин түндө камакка алуу - одоно ката. Ошого карабастан азыр бардык саясий күчтөр өлкөдөгү кырдаалды курчутууга кызыкдар болбошу керек, - деп жазды депутат Акаев.

Бир катар активисттер да Жогорку Кеңеш депутаттарын кезексиз жыйынга чогулууга чакырып, кол топтой баштады.

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев бүгүн таңкы саат үчтөрдө “Манас” аэропортуна Туркиядан учак менен келгенде кармалган. Бир күн мурун ага Башкы прокуратура “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча иш козгогон. Башкы көзөмөл органдын маалыматында Текебаев орусиялык Леонид Маевскийден 2010-жылы бир миллион доллар алып, “Мегаком” сатылгандан кийин каражатты кошумчасы менен кайтарып берерин айтып, алдап кеткени айтылган.

Өмүрбек Текебаев өзүнө карата козголгон иш УКМК тарабынан атайын пландалганын билдирген. Ал акыркы айларда Атамбаевдин байлыгын, айрыкча 2010-жылдан кийинки киреше-чыгашасын иликтеп жүргөн жана президентке импичмент жарыялоо демилгесин да көтөргөн. (SDz)

XS
SM
MD
LG