Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:31

АКШнын адмиралы Пакистан өкмөтү журналистти өлтүрүүгө уруксат берген дейт


Майкл Мюллен
Майкл Мюллен

АКШдагы армиянын эң жогорку даражадагы офицери Майкл Мюллен Пакистанда өкмөт журналист Салим Шахзадды өлтүрүүгө “уруксат берген” деп билдирди. Ал журналист өкмөттүк армия менен козголоңчулардын байланыштары жөнүндө жазып жүргөн эле. Пакистанда маалымат министри Мюллендин айткандарын бүгүн “жоопкерсиздик” деп атады.

АКШ-Пакистан алакалары, дегинкиси, быйыл майда Пакистанда америкалык аскерлер Усама бин Ладенди өлтүрүшкөндөн кийин эле начарлап кеткен. Эми адмирал Майкл Мюллендин сөздөрүнөн кийин ортодо араздашуу андан бетер курчуйт окшойт.

Пакистандын маалымат министри Фирдоус Ашик Аван АКШнын аскерий күчтөрүнүн бириккен комитеттеринин штабынын башчысы Мюллендин айткандарын “өтө жоопкерсиз билдирүү” деп атады.

Журналист Шахзад “Ал-Каида” Пакистандын армиясына да кирип кеткени тууралуу жазгандан кийин 29-майда Исламабадда жоголуп кеткен. Эки күндөн кийин анын өлүгүн табышты. Полиция анын денесинде кыйноону күбөлөндүргөн тактар бар экенин кабарлаган.
Салим Шахзад баш-кеңсеси Гонконгдо жайгашкан "Asia Times Online" басылмасы үчүн иштеген
Бейшембиде бул иш тууралуу журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Мюллен “Пакистан өкмөтү журналист өлтүрүлөөрү тууралуу алдын ала билгенин жокко чыгара турган бир да маалымат таба албаганын” айткан. “Өкмөт журналистти өлтүрүүгө уруксат берген”, - деди адмирал.

Анткен менен, Мюллен журналистти өлтүрүүгө өлкөнүн Чалгын кызматынын байланышы болгонун ачык көрсөткөн далилдери жок экенин кошумчалады.

Вашингтондо “Пентагондун” маалымат борборунда сүйлөп жатып, адмирал буга чейин башка кабарчылар да ушундай эле тагдырга туш болушканын айткан.

Пакистандагы иликтөө

Билдирүү Пакистандын өкмөтүнүн зээнин кейиткен өңдүү. Бүгүн өлкөнүн маалымат министри Аван: “Адмиралдын айткандары эки тараптуу мамилелерди иритип, терроризмге каршы биздин биргелешкен күрөшүбүзгө да терс таасирин тийгизет”, - деди.

Буга чейин расмий Исламабад журналисттин өлүмүн иликтей турган көз карандысыз комиссия түзүлгөнүн, Мюллендин айткандары иликтөөгө жардам болбой турганын билдирген.

Первез Шаукат – ошол комиссиянын мүчөсү, Пакистандагы журналисттердин федералдык биримдигинин жетекчиси. Ал “Азаттыкка” сүйлөп: “АКШдагы маалымат каражаттары эмне деп жазышпасын, комиссияга далилдер керек, - деп айтты. - Өзүңүз билесиз, бул соттук комиссия кимде-ким Салим Шахзаддын өлүмү тууралуу маалыматы болсо, сөзсүз комиссияга жеткириши керек деп көптөн бери эле жарыялап келди”.

Пакистандын чалгын кызматы болсо журналисттин өлүмүнө тийиштиги бар деген өңдүү айыптоолорду “чындыкка жатпайт” деп билдирди.

40 жаштагы белгилүү журналист Шахзад көбүнчө исламчыл козголоңчулар тууралуу, алардын Пакистандагы өкмөттүк аскер күчтөрү, чалгын кызматтары менен байланышы жөнүндө жазчу.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG