Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:55

АКШ Чыгыш Европага оор куралдарын жайгаштырат


АКШ армиясынын Польшадагы машыгууга тартылган танктары. 18-март, 2015-жыл.

АКШ армиясынын Польшадагы машыгууга тартылган танктары. 18-март, 2015-жыл.

АКШ Чыгыш Европада оор куралдарын, анын ичинде танктарды, брондуу унааларды жана артиллериясын жайгаштыра турган болду. Бул тууралуу коргоо министри Эштон Картер кечээ Эстонияда жүргөн жеринен жарыялады. Мурдараак Орусия АКШ мерчемдеп жатат деген бул чараны сындап чыккан.

Баяндамачылар белгилеп жатышкандай, АКШнын оор куралдарын Чыгыш Европаны көздөй жылдыруусу - Орусиянын Украинадагы аракеттеринен кооптонуп келген өнөктөш өлкөлөрдүн камтамачылыгын басуу жана алар жалгыз эместигине ынандыруу чарасы.

АКШ Европадагы оор куралдарын орун которуштурууну караштырып жатканын америкалык гезиттер алгач өткөн апта башында жазып чыккан эле.

Бирок бул маалымат жогорку расмий деңгээлде ырастала элек болчу. Эми коргоо министри Эштон Картердин 23-июнда Эстониядагы жарыясы АКШнын оор куралдары НАТОнун мурда Варшава келишиминде турган жаңы мүчөлөрүнүн аймагына кансыз согуш доорунан бери биринчи ирет жайгашат дегенди билдирет.

Картер Таллинден сүйлөгөн учурунда чечимдин максатын мындайча түшүндүрдү:

- Кошмо Штаттардын ротациялык күчтөрү бул жактагы машыгууларга жеңил катышып, ыкчам жылышы керек. Биз танкалык бригаданын бир күжүрмөн тобунун аскерий техникасын жана курал-жарагын Чыгыш жана Борбордук Европада убактылуу жайгаштырабыз. Бул кайра жайгаштыруу, танктарды, кургактагы күчтөрдүн брондуу унааларын жана артиллерияны камтыйт. Бул жабдуулардын бир батальон аскерге жетерлик элементтерин кабыл алууга Эстония, Литва, Латвия, Болгария, Румыния, Польша макул болду. Бул жабдуулар аймактагы машыгуулар, окуулар үчүн ары-бери жылдырылып турат.

Расмий өкүлдөр билдиргендей, АКШ Чыгыш Европаны көздөй алып келүүчү оор техниканын жана куралдын көпчүлүгү эски континентте буга чейин эле турган. Алардын бир бөлүгү Германияда да болот.

Орусия былтыр мартта Крымды аннексиялагандан бери НАТО Чыгыш Европада аскерий машыгууларын күчөткөнү белгилүү.

Балтика өлкөлөрү жана Польша андан бери аларга аскерий жардамды көбөйтүүнү суранып келе жатышат.

Латвиядагы биргелешкен машыгуу. 26-февраль, 2015-жыл.

Латвиядагы биргелешкен машыгуу. 26-февраль, 2015-жыл.

Андыктан, Латвия, Литва, Эстониянын бийликтери АКШнын оор куралдарды жылдыруу чечимин дароо кубатташты.

Маселен, Эстониянын коргоо министри Свен Миксердин айтымында, аларда “Орусия Балтиканы НАТОнун эң аялуу бөлүгү, Түндүк атлантикалык альянстын чечкиндүүлүгү жана милдеттенмеси сынала турган аймагы катары карайт деп ишенгидей себептер бар”.

Орусия болсо өз тарабынан Батышты Кансыз согуш доорунан кийинки шарттарды бузуп, НАТОну Орусиянын чек арасын көздөй жакындатты деп утур-утур айыптап жүрөт.

АКШнын коргоо министри Эштон Картер 22-июнда Берлинде сүйлөгөн учурунда белгилегендей, алар Орусия менен согуштун эч бир түрүн көздөгөн жок:

- Биз Орусия менен кансыз согушка да, кандуу согушка да умтулган жокпуз. Биз Орусия менен душмандашууну да көздөбөйбүз. Бирок күмөн санабагыла, биз өз өнөктөштөрүбүздү, мыйзамга таянган эл аралык тартипти коргоого даярбыз. АКШ Орусия бизди артка тартуусуна жол бербейт. Биз алдыга көздөй бирге жылгыбыз келет. Бирок Кремлде эмне чечим кабыл алынганына карабай, Европа да, биз да алга жыла беребиз.

Орусиянын Коргоо министрлиги өткөн аптада АКШнын танктарды жана оор куралдарды Чыгыш Европага жылдыруу планын “кансыз согуш доорунан берки эң аргессивдүү кадам” иретинде баалаган.

Ал эми президент Путин буларды айткан болчу:

- Эгер кимдир бирөөлөр биздин кайсыл бир аймактарды коркунуч алдына кептесе, биз анда куралдуу күчтөрүбүздү, сокку уруучу заманбап каражаттарыбызды коркунуч туудурган аймактарды көздөй багытташыбыз керек. Башкача болбойт да. Биз жылган жокпуз, биздин чек араларды көздөй НАТО келе жатат да. Анткен менен азыр бир нерсени күчөтпөйт элем. Албетте, анализдеп, кылдат байкап турабыз. Азырынча мен бизди өзгөчө чочулаткан нерсени көрбөй турам. Бул Орусияга же өздөрүнүн саясий өнөктөштөрүнө карата саясий ишара сындуудай. Бизди эң көп кооптондурганы ракетадан коргоонуу боюнча алар (АКШ) азыр жайгаштырып жаткан система. Бул стратегиялык маанидеги олуттуу маселе.

АКШнын Европада ракетадан коргонуу системасын түзүү планына Москва узактан бери эле каршы.

Өткөн аптада президент Путин Орусиянын өзөктүк арсеналына континенттер аралык баллистикалык ракеталардын жаңы 40тан ашуун даанасы кошуларын, алар "ракетадан коргоонуунун техникалык жактан эң заманбап системаларынын кайсынысы болбосун" бузуп өтө аларын жарыялаган.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG