Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:54

Бишкек-Ош жолунда кырдаалга жараша чектөө киргизилүүдө


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин акыркы маалыматы боюнча, учурда магистралда жүк ташуучу машинелердин жүрүүсүнө кайрадан чектөө киргизилди. Ал эми жеңил машинелер үчүн ачык. Бирок кырдаалга жараша абал өзгөрүшү ыктымалды экенин министрликтин басма сөз катчысы Элмира Шерипова “Азаттыкка” билдирди:

- Кырдаал саат сайын өзгөрүүдө. Бүгүн эле чектөөнү алып салып, кайра киргизүүгө аргасыз болдук. Биринчиден, жолдун тайгак болгонуна, экинчиден, аба ырайына байланыштуу болду. Жолду тазалоо учурунда да айрым чектөөлөр болууда, бирок кыска убакытка гана.

Элмира Шерипова Бишкек-Ош багытында жолго чыккан айдоочуларга машинелеринин дөңгөлөктөрүн кышкысына алмаштырып, кошумча керектүү шаймандарды ала жүрүүсү зарылдыгын эскертти.

Ушул тапта Төө-Ашуу ашуусундагы Кусейин Көлбаев атындагы тоннелдин Бишкек тарабындагы кире бериш жагында медициналык жардам көрсөтүүчү кызмат иштеп жатат.

Бишкек-Ош жолуна каттамга чыгуучу жүргүнчүлөр ашуунун эки тарабындагы кырдаалды smotri.kg сайтынан түз көрүүгө болот. (ZKo)

XS
SM
MD
LG