Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:48

Кырсык болгон айылда тазалоо иштери түндө да уланат


Издөө-куткаруу иштери уланууда.
Издөө-куткаруу иштери уланууда.

Авиакырсык катталган Дача-Суу айылындагы тазалоо-куткаруу иштери бүгүн түндө да уланат. Бул тууралуу “Азаттыкка” өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов билдирди. Үйсүз калгандардын баары Бишкектеги “Семетей” мейманканасына жайгаштырылууда.

Боинг-747 үлгүсүндөгү Түркиянын жүк учагы 16-январда танга жуук Чүй облусунун аймагында эл жашаган конушка кулап, отуздан көп адам набыт кетти. Курман болгондордун төртөө - экипаж мүчөлөрү, калганы - Дача-Суу айылынын тургундары. Арасында балдар да бар. Ондон ашуун киши ооруканада. Жыйырмадан ашуун турак-жай кыйраган.

Учак Гонконгдон Стамбулга учуп баратып, май куюу үчүн “Манас” аэропортуна конордо кырсыкка кабылган.

17-январь – Кыргызстанда Аза күтүү күнү деп жарыяланды.(SE)

XS
SM
MD
LG