Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:48

Обама мечитке барды


Обаманын Балтимордогу мечитке барып, сөз сүйлөөсү АКШда мусулмандарга каршы риторика күчөгөн учурга туш келүүдө. 3-февраль, 2016-жыл
Обаманын Балтимордогу мечитке барып, сөз сүйлөөсү АКШда мусулмандарга каршы риторика күчөгөн учурга туш келүүдө. 3-февраль, 2016-жыл

АКШ президенти Балтимордогу мечитте мусулман жамаатынын лидерлери менен жолугушту. Обаманын президент катары алгач ирет мечитке барышы АКШда мусулмандарга каршы риторика күчөгөн учурга туш келди.

3-февралда Балтимор шаарындагы мечитке барган президент Барак Обама андан соң мусулман жамаатынын алдында баяндама жасады. АКШ тарыхындагы окуялар менен ыйык Курандан кез-кез үзүндүлөрдү келтирген Обама “Биз жалган ынаным жана ката түшүнүктөргө алданып, адамдарга дин үчүн кооп туудуруну көздөгөн саясатты кабылдабашыбыз керек” деди. Ошондой эле ал америкалыктарды исламга каршы пикир айтуудан оолак болууга чакырды.

Президент Обама кайсы бир топтордун зордук-зомбулук аракети үчүн бүтүндөй мусулман жамааты айыпталышы туура эместигине да токтолду:

- Бардык америкалыктар сыяктуу эле сиздерди да террор коркунучу тынчсыздандырат. Бирок америкалык мусулман катары сиздерди башка нерсе да кооптондурат – ал айрым бир топтордун зордук-зомбулук аракеттери үчүн бүтүндөй мусулман жамааты айыпталып же караланып жатышы.

Обама мечитке барды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:02 0:00

Биз акыркы кезде америкалык мусулмандарга каршы багытталган кечирилгис саясий риториканы да угуп жатабыз. Биздин өлкөдө андайга орун жок болушу керек.
Барак Обама

Президент Обаманын Балтимордогу Ислам коомунун мечитине барып, жамаат лидерлери менен жолугуп, сөз сүйлөөсү АКШда мусулмандарга каршы риторика күчөгөн учурга туш келүүдө.

Былтыр декабрда Калифорния штатынын Сан-Бернардино калаасында исламчыл экстремисттердин чабуулунан 16 киши мерт болгон соң АКШ коомунда исламга каршы терс маанай да күчөп кеткен:

- 2001-жылдын 11-сентябрындагы АКШдагы террордук чабуулдардан кийин, же Париждеги, Сан-Бернардинодогу соңку теракттардан кийин адамдар көп учурда терроризмдин үрөй учурган чабуулдарын диний ишеним менен байланыштырып калды. Биз акыркы кезде америкалык мусулмандарга каршы багытталган кечирилгис саясий риториканы да угуп жатабыз. Биздин өлкөдө андайга орун жок болушу керек. Ушундан улам америкалык мусулмандарга карата коркунуч жана терс мамиле өсүп кетиши таң калыштуу эмес.

Барак Обама андан ары америкалык мусулмандарга биз бир үй-бүлөбүз деп кайрылды:

- Биз бир америкалык үй-бүлөбүз. Эгер бул үй-бүлөдөн кимдир бирөөлөр бөлүнүп калганы, же экинчи класска түшүп калганы, же бутага алынганы сезиле баштаса, бул биздин элдин көз жашын пайда кылат.

Президент Обама ошондой эле өзүн “Ислам мамлекекти” деп атап алган террордук топтор эч качан таанылбасы керектигине да токтолду:

- “Ислам мамлекети” сыяктуу террордук топтор легитимдүүлүккө аябай муктаж болуп, ага жеткиси келип турат. Алар өздөрүн ислам үчүн жанын берген диний лидер жана аскер катары көрсөтүүнүн амалында. Биз аларды эч качан тааныбашыбыз керек, мен алар легитимдүүлүккө жетишине караманча каршымын. Алар исламды, мусулмандарды коргобойт. Алар мыкаачылык менен өлтүрүп жаткан бейкүнөө адамдардын көпчүлүгү мусулман эркектер, мусулман аялдар жана балдар.

Барак Обаманын АКШ президенти катары мечитке жасаган алгачкы сапары диний эркиндикти коргоо максатын көздөдү.

Балтимордун президент барган ислам жамааты өзүн АКШдагы эң ири мусулман уюму катары сыпаттап жүрөт.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG