Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:20

Ивановкада ишин токтоткон добушканага адистер жөнөтүлдү


Cервер иштебей, добуш берүү токтоп турган Ысык-Ата районунун Ивановка айылындагы шайлоо участкасына Бишкектен адистер жөнөтүлдү. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев билдирип, башка добушканаларда маселе жоктугун белгиледи.

Бүгүн түштөн кийин Ивановкадагы №7094 добушканада электрондук жабдуулар иштебей калган.

Эртең менен шайлоо тилкелери ачылгандан бери бир катар жерлерде биометриканы аныктаган аппараттар, электрондук үкөктөр иштебей калып, жарандардын нааразылыгын жараткан.

Президент Алмазбек Атамбаев бул маселе боюнча пикир билдирип, “техника деген бузуларын, ага карабай жаңы технология Кыргызстанда адилеттүү шайлоо өткөрүүгө өбөлгө түзөрүн” билдирген.

Бүгүн Кыргызстанда Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтүп жатат. (SE\SDz)

XS
SM
MD
LG