Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:55

АКШ-Пакистан: Усаманын убайымы


Усама бин Ладен ушул үйдө беш жыл бою жашаганын эч ким билген эмеспи?
Усама бин Ладен ушул үйдө беш жыл бою жашаганын эч ким билген эмеспи?

“Ал-Каиданын” лидери Усама бин Ладен өлтүрүлгөндөн кийин АКШ менен Пакистан ортосунда дипломатиялык каяма айтышуулар күчөдү. Вашингтон менен Исламабад бири-бирин күнөөлөп, өздөрүн актаган билдирүүлөрдү таркатышууда.

АКШда президент Барак Обаманын администрациясы кантип эле дүйнөдөгү номур биринчи террорист көптөн бери Пакистанда жашаганы мүмкүн болсун дегендей суроолорду бере баштагандан бери эки өлкө ортосунда ич-ара каяма айтышуулар күчөдү.

“Ал-Каиданын” лидерин 2-майда Пакистандагы Абботтабад шаарчасындагы вилласында америкалык атайын аскерлери өлтүрүшкөн.

Ыңгайсыз суроолор

Анын үйүнө жакын эле жерде Пакистандын аскерий академиясы жайгашкан. Усама бин Ладен пакистандык аскерлерден алыс эмес жерде беш жыл кантип жашаганы жөнүндө суроолор көп жаңыра баштады.

3-майда Улуттук коомдук радиодогу интервьюда Ак Үйдүн контртеррористтик иштер боюнча жетекчиси Жон Бреннан: “Пакистандын расмий жетекчилигиндеги адамдардын ичинде эч ким бул тууралуу билген эмес деп бүтүм чыгарганга азыр эртелик кылат, - деп айтты. - Биз азырынча эч кимди ачык күнөөлөп жатканыбыз жок, бирок бул тууралуу толук маалымат алышыбыз зарыл экенин билдиргибиз келет”.

Эки өнөктөш ортосунда ич-ара ишеним жоголгонуна Америкада Борбордук Чалгын Агенттигинин деректири Леон Панеттанын билдирүүсү да далил болгонсуду. Панетта "Time" журналындагы маегинде бул операция тууралуу расмий Исламабадга атайылап айтылбаганын, анткени маалымат таркап кетсе, операция үзгүлтүккө учурайт деп кооптонушканын билдирди.

Таарынган саясат

Пакистандын жетекчилигиндеги расмий өкүлдөр бин Ладендин өлүмүн сүйүнүч менен кабыл алышканын, ошол эле маалда алардын өздөрүнүн чалгын кызматтары бин Ладен Пакистанда жашырынып жүргөнүн билбей калышканына таң калгандай билдирүү таратышты.

Шаршембиде Пакистандын тышкы иштер министри Салман Башир “Би-Би-Сиге” сүйлөп жатып, Панеттанын билдирүүлөрү аларды тынчсыздандыраарын, анткени расмий Исламабаддын терроризмге каршы күрөштөгү оорду өзгөчө маанилүү экенин билдирди. Ал, андан сырткары, америкалык аскерлердин операциясы тууралуу маалыматтарга тынчсызданып жатканын, “бул өңдүү уруксаты жок бир жактуу аракеттер Пакистандын өзүндө кадимки көрүнүшкө айланбашы зарыл экенин” эскертти.

Президент Асиф Али Зардари
Мунун алдынан "Washington Post" гезитиндеги интервьюда Пакистандын президенти Асиф Али Зардари АКШда айтылган сынга нааразылыгын билдирип, “Пакистан террористтерди коргогон деген өңдүү билдирүү такыр чындыкка жакпайт” деген эле.

Шаршембиде Парижде жүргөн пакистандык премьер-министр Юсуф Реза Гилани “Чалгын ишиндеги мүчүлүштүк бир эле Исламабадга эмес, АКШга да, калган дүйнөгө да мүнөздүү болду” деди. Ал экстремизмге же терроризмге каршы күрөш бир эле Пакистандын милдети эмес экенин, ошондуктан дүйнө жүзүнөн колдоо күтөөрүн билдирди.

Негизи, бин Ладен Пакистанда узак убакыттан бери жашырынып жүргөнү бир эле АКШ эмес, башка өлкөлөрдө да суроолорду жаратууда.

Франциянын тышкы иштер министри Ален Жуппе: “Кантип эле ушунчалык кеңири дүйнөгө белгилүү Усама бин Ладен өңдүү адам салыштырмалуу кичинекей шаардагы килейген чоң үйдө жашаганын билбей калышсын. Мен буга такыр ишене албайм”, - деди.

Кызыкчылык биринчи орунда

Британиянын премьер-министри Дэвид Камерон болсо пакистандык лидерлерден бул суроого жооп талап кылаарын айтты. “Бирок Исламабад менен мунун айынан акыйнек айтышуу биздин кызыкчылыкка туура келбейт”, - деди британ премьери.

Азыркы өйдө-ылдый айтылып жаткан сөздөргө карабай, терроризмге каршы кызматташтыкты улантыш лаазым экенин баары эле түшүнүп тургансыйт. АКШнын Мамлекеттик департаментинин расмий өкүлү Марк Тонер: “Көп жагынан алганда, жекшембидеги операция узак жылдардан берки кызматташтыктын жыйынтыгы болду, - деди. - Биз азыр аны улантууну Пакистандын эле узак мөөнөттүк кызыкчылыгы эмес, биздин да улуттук кызыкчылыгыбыз үчүн маанилүү деп ишенебиз”.

Азыр эми Пакистан “дүйнөдөгү башкы террористти кантип жашырып жүрдү” деген өңдүү айыптоолор туш тараптан айтылып жаткан чакта, операция кандай өткөнү тууралуу америкалык жетекчилик баштапкыдан башкачараак кабарларды таркатууда.

Алгачкы кабарларда, маселен, бин Ладен да атышууга катышканы тууралуу айтылган. Соңку билдирүүлөрдө аскерий жетекчилик чынында Усама бин Ладен куралсыз болгонун билдирди.

АКШдагы аскерий жана саясий жетекчиликтин өзүндө ушул күндөрү Усаманын өлүгү тартылган сүрөттөрдү ачык жарыялаш керекпи-жокпу деген суроо талкууланууда.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG