Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:20

FIDH уюму укук коргоочулардын коопсуздугун камсыздоого чакырат


Укук коргоочулар Азиза Абдирасулова жана Төлөкан Исмаилова.
Укук коргоочулар Азиза Абдирасулова жана Төлөкан Исмаилова.

Адам укуктарынын эл аралык федерациясы менен өнөктөш Укук коргоочуларды коргоого көз салган уюм (FIDH - ОМСТ) Кыргызстандын бийликтерин укук коргоочулардын жеке коопсуздугун камсыздап, референдумду сындагандарды куугунтуктоону токтотууга чакырды. Бул тууралуу уюмдун 9-декабрда тараткан билдирүүсүнө айтылат. Анда FIDH уюмунун мүчөсү “Кылым шамы” укук коргоо борборунун башчысы Азиза Абдирасулова күч органдары аны тымызын көзөмөлгө алганын байкаган соң өзүн жаман сезип, бир күн мурда реанимацияга жаткырылганы жазылган.

Ошондой эле куугунтуктоого “Бир дүйнө-Кыргызстан” уюмунун төрайымы Төлөкан Исмаилова кабылганы да жазылат. Ага кысым укук коргоочу Азимжан Аскаровдун иши кайра сотто карала баштаганы күчөгөн.

“Укук коргоочуларды коркутуу жана куугунтуктоо алардын укук коргоо жаатындагы мыйзамдуу ишмердүүлүгүнө тоскоолдук жаратат. Биз Кыргызстандын бийлигин алардын коопсуздугун камсыздап, эркин иш алып барууга мүмкүнчүлүк түзүп берүүгө чакырабыз” - деп уюмдун баш катчысы Жеральд Стаберок билдирди.

Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум 11-декабрда өтөт.

FIDH уюму тараткан билдирүүдө айрым өзгөртүүлөр адам укуктарын да чектери айтылган. Маселен, өзгөртүүгө сунушталган беренелердин бири укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишинин кайра каралышына да шек келтириши ыктымалдыгы белгиленген.

XS
SM
MD
LG