Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:44

Пентагон кибер мейкиндиктеги стратегиясын ачыктады


АКШнын Коргоо департаменти март айында Пентагонго кибер каракчылар тарабынан өтө катуу сокку жасалганын ачыктады.

Кибер мейкиндик боюнча жаңы стратегия акыркы чабуулду эске алып, мурдагыдан кыйла айырмаланат.

АКШнын коргоо министринин орун басары Уильям Линн Пентагондун жаңы стратегиясы тууралуу Вашингтондо Улуттук Коргоо университетинде айтып берди. Анын сөзү боюнча, мартта кибер каракчылар “сезимтал маалыматтарга эгедер боло алышкан”.

Март айында Пентагондун компьютердик системасынан 24 миңге чукул файл уурдалган. Бул АКШнын тарыхындагы эң чоң кибер чабуул катары бааланууда.

Уильям Линн баса белгилегендей, санариптик кол салуу башка өлкө тарабынан уюштурулган жана чабуулдун артында кимдер турганы Пентагонго белгилүү.

Бомбага барабар байттар

- 21-кылымда биттер жа байттар ок жана бомбалардай эле коркунучтуу, - дейт Линн.

Жаңы стратегияга ылайык, кибер мейкиндик Пентагон үчүн жер, суу жана абадагыдай эле аскердик аракеттер өтчү жайга айланат.

- АКШнын мыйзамдары боюнча олуттуу кибер чабуулга согуштук жооп кайтаруу укугу сакталган.

Уильям Линн келечектеги кибер чабуулдардын максаты жашыруун документтерди уурдоо гана болбостон, АКШнын коргоо системасын бүлүндүрүү да болуп эсептелет деп баса белгиледи. Кибер согуштун кесепеттери кадимки жашоодогу көптөгөн адам өлүмдөрүнө алып келиши мүмкүн.

Кибер согуштарда адамдар өлүшү мүмкүн

Маалымат технологиялары Американын өкмөтү үчүн ушунчалык маанилүү болгондуктан “болочоктогу каршылаштарыбыз биздин компьютерлерден болгон көз карандылыгыбызды колдонгусу келет” деп кошумчалады Линн.

Министрдин орун басары белгилегендей, кибер мейкиндик боюнча жаны стратегия коргонуу функциясына басым жасайт. Буга чейин аталган стратегия өтө эле агрессивдүү болуп калат деген кооптонуулар да айтылган.

Пентагон кибер соккуларды бир гана башка өлкөлөрдөн эмес, террористтерден да күтөт.

Мурдагы стратегия Пентагонду хакерлерден коргой алган жок. Жаңы стратегия алдын алууга көп көңүл буруп, потенциалдуу хакерлери дүйнө жүзү боюнча издеп, алар менен күрөшмөкчү. Мурадыгадай болуп Пентагон эми хакерлерге жооп кайтаруу менен гана чектелбейт.

Буга кошумча кибер чабуулдарга жооп кайтарчу адамдар аскер кызматкерлеринин арасынан мурдагыдай эле даярдалат, бирок АКШ кибер мейкиндикти согуштук аренага айлантуудан алыс.

“Биздин кибер мейкиндиктеги абалыбыз кадимки жашоодогу коргонуу системабыздын күзгүсү болушу керек. Тагыраак айтсак, биздин негизги максатыбыз - согушту болтурбоо. Аны болтурбоо үчүн ага даярдануу керек" , - деди Линн.

Бул жаңы стратегия Обаманын администрациясы жана жеке ишканалар чогуу баштаган аскердик компьютерлерди коргоо кампаниясынын акыркы баскычы.
21-кылымда биттер жа байттар ок жана бомбалардай эле коркунучтуу.

АКШнын аскер кызматкерлери 15 миңден ашуун компьютердик тармактар менен иштейт, бул системага дүйнө жүзү боюнча 7 миллион компьютер кирет.

Пентагондун тармактары күнүнө миллион жолу бутага алынат, жана акыркы 10 жылдын ичинде терабайт маалымат уурдалган. Уурдоо ракеталык жана көзөмөл системаларына, сателлит байланыштарына, авиакосмостук тенологияларына да тиешелүү. Хакерлердин айынан АКШнын экономикасы 1 триллион доллар зыян тарткан.

Буга чейин АКШ кибер чабуулдарды уюштурду деп Орусияны жана Кытайды бир нече жолу күнөөлөгөн.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG