Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:27

АКШнын Даллас шаарында коомчулук коопсуздугун камсыздоого тартылган беш полициячы набыт болду. Бийликтердин айтымында, алар соңку күндөрү интернетте тараган афроамерикалыктар полиция колдуу болуп өлгөн видеолордон улам тутанган демонстрациялар учурунда атылган снайпердин огунан жан беришти.

Далластагы атышуулардан улам жергиликтүү бийликтер калаада өзгөчө абал тартибин киргизишсе, федералдык бийликтер шаар үстүнөн учактардын өтүшүнө да убактылуу тыюу салууга чейин барышты.

Шаардагы атышууларды окуянын күбөлөрү көп кабаттуу имараттын ичинен видеого тартып, интернеттеги социалдык сайттарга чыгарышты. Бийликтер 7-июль күнү кечинде кеминде эки снайпер Далласта буктурма ыкмасын колдонуу менен ок ачты деп сыпаттаган кыянатчылык учурунда полициянын беш офицери мерт болуп, кеминде дагы алтоо жараат алган.

Мындай инциденттер чыккан учурда биздин жарандардын чоң бөлүгү, аларга бирдей мамиле терисинин түсүнөн улам жасалган жок деп сезишет. Бул албетте оор тийет жана баарыбыздын тынчыбызды алышы керек.

Мунун артынан полиция ок атууга тиешеси барларды кармоо операциясына киришти:

- Азырынча шектүүлөрдүн баары кармала элек. Андыктан, биз издөө жана иликтөө иштерин толук кубаттуулукта улантабыз. Шектүүлөрдүн баарын кармап, биздин офицерлерге кол салуусуна эмне себеп болгонун билишибиз керек. Ага чейин биз өз ишибизге канааттана албайбыз, - деген эле Далластын полиция башчысы Жеймс Браун жума күнү таңда кабарчыларга.

Акыркы маалыматтарга караганда, полицейлерди өлтүрүүгө катышы бар деген шек менен Далласта кеминде үч адам кармалды.

Ал эми куралчандардын дагы бири унаа токтоочу гаражга жашынып алып, аны менен сүйлөшүү жүргүзгөндөргө өзү өлгөнгө чейин көбүрөөк полицейлерди өлтүрүү же жарадар кылуу экенин айтканын полициядагы булактар кабарлашкан эле.

Ошол төртүнчү шектүү полиция менен узакка созулган тирешүүдөн кийин өлтүрүлдү.

Далластын полиция башчысы Девид Браун кийин жума күнү шаардын мэри менен чогуу өткөргөн маалымат жыйында кошумчалагандай, шектүү "ак адамдарды жок кылууну, өзгөчө ак полициячыларды өлтүрүүнү" максат кылганын, эч кандай топтор менен байланышы жоктугун, өзү жалгыз аракеттенгенин билдирген.

Далласта полицияга каршы кол салуу негизинен тынч мүнөздөгү нааразылык акциясы учурунда жасалды.

Далластагы демонстрация. 7-июль, 2016-жыл.

Далластагы демонстрация. 7-июль, 2016-жыл.

Бул жана башка шаарлардагы нааразылык болсо ынды кара америкалыктар полициядан ок жеп, каза тапкан соңку эки окуя коомчулукка шардана болуп кеткенден кийин тутанды.

Ушул шейшемби күнү Луизиана штатынын Батон-Руж деген шаарынан тартылган биринчи видеодо ак түстүү эки полицей беш баланын атасы Элтон Стерлинг ысымдуу афроамерикалык менен кармашып кеткен учурда аны жерге жаткырып туруп, атып салганы тартылган. Ал эми экинчи видео бейшемби күнү тарап, анда Миннесота штатында Филандо Кастиле ысымдуу афроамерикалыктын полицейлерден ок жеген учуру тартылган.

Бул видеолор социалдык түйүндөрдө кыжырдануу жаратып, Миннесота штатынын борбору Сент-Пол шаарында, губернатордун кеңсеси алдында миңдей адам жыйналды. Штат губернатору Марк Дейтон эл алдына чыккан кезинде эгер Филандо Кастиле ак америкалык болгондо полицейлер ок ачмак эместигин моюнга алды.

Нааразылык акциялар башка чоң шаарларда да тутанып, Чикагодо бейшемби күнү демонстранттар шаардын кан жолдорунун бирин он мүнөттөй жаап турушту.

Нью-Йоркто жүздөгөн демонстранттар Time Square аянтында кыймылды токтотууга аракеттенишип, аларды полиция таратты.

Президент Барак Обама мекениндеги бул нааразылыктарды Варшавага, НАТОнун саммитине келген жеринен комментарийледи:

- Мындай инциденттер чыккан учурда биздин жарандардын чоң бөлүгү, аларга бирдей мамиле терисинин түсүнөн улам жасалган жок деп сезишет. Бул албетте оор тийет жана баарыбыздын тынчыбызды алышы керек. Бул афроамерикалыктардын же латын америкалыктардын эле проблемасы эмес. Бул жалпы америкалык проблема жана муну баарыбыз биргелешип чечүүбүз абзел. Бирок бул көйгөйгө тынчсыздануу, укук коргоо органдарына каршы чыгуу дегенди билдирбейт.

Президент Барак Обама Далласта полицейлерге кол салынышын актоого болбой турган кылмыш катары кескин айыптап, күнөөлүүлөр жазага тартыларын убада кылды.

Полицейлер афроамерикалыктарга Фергюсон, Балтимор, Миссури, Нью-Йорк шаарларында ок атып, мерт кылган учурлар боюнча нааразылыктар буга чейин да өткөн.

Нааразылыктарды мындай инциденттерге тиешеси бар полицейлердин сотто акталып кетүүсү же аларга такыр эле айып коюлбаганы да күчөтүп, Black Lives Matter деген кыймылдын жаралышына түрткү берген.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG