Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:56

2010: Барак Обаманын президенттиги бурулуш учурга келди


Барак Обама Вашингтондогу пресс-конференцияда. 8-декабрь, 2010-жыл.
Барак Обама Вашингтондогу пресс-конференцияда. 8-декабрь, 2010-жыл.

2010-жылдын аякташы менен АКШ президенти Барак Обама бийлик мөөнөтүнүн жарымын өтөөгө жакындап калды.

Бүтүп бара жаткан жылы саясатта жана экономикада орун алган жараяндарды эске алганда, эксперттер 2011-жылы да АКШ президенти үчүн олуттуу кыйынчылыктар, аны менен катар буга чейин жоготкондорунун ордун толтуруу мүмкүнчүлүгү бардыгын белгилешет.

Баяндамачылар Барак Обамага азыр өзүнүн келечектеги саясий жашоосу үчүн күрөшүү муктаждыгы жаралганын белгилешет. Президент катары ал эми үчүнчү жылга кадам шилтеп жатканы менен алдыда толгон-токой тоскоолдуктар турат. Экономиканы жандандыруу үчүн өкмөт мамлекет эсебинен оголе көп каражат сарптаганына карабай, жумушсуздуктун деңгээли жогору бойдон калууда. Ноябрь айында Конгресс үчүн ортолук шайлоодогу тарыхый жеңилиш оппозициядагы республикачыларга дем берип, Обаманын өзүнүн Демократиялык партиясы ичинде нааразычылыктарды жаратты. Бирок Обаманы оюндан чыгарып салууга али абдан эле эртелик кылат.

Президенттин кызматы аны ээлеп турган адамга алдыдагы кыйынчылыктарды жеңип өтүүсү үчүн бир топ мүмкүнчүлүктөрдү тартуулайт. Андыктан, кээ бир аналитиктердин пикиринде, Барак Обама да алдында турган тоскоолдуктарды басып өтө алса, жылдызы кайрадан жанып, 2012-жылкы шайлоодо кайрадан жеңип чыгуу мүмкүнчүлүгү бар. Жогорудагыдай турумду карманган талдоочулар мисал иретинде 1994-жылы Демократиялык партиянын дагы бир өкүлү Билл Клинтон президенттик бийлигинин орто мөөнөтүндө Барак Обамадай эле жеңилишке учурап, бирок эки жылдан кийин кайра шайлана алганын эске салышат.

Оппозицияга кол сунуу

Уильям Галстон кезинде Билл Клинтонго ички саясат боюнча кеңешчилик кылган. Анын көз карашында азыр оордой сезилген кырдаал чындыгында Барак Обама үчүн кээ бир стратегиялык мүмкүнчүлктөрдү тартуулап жаткандай:

- Ал оппозицияга кол сунуп, аларды кармоосу керек. Мында эки нерсенин бирөөсү болот. Эгер алар сунулган колду четке какса, мындай учурда Американын эли ким өлкөнү бириктирүүнү көздөп, ким муну каалабай жатканын көрөт. Эгер алар сунулган колду кармаса, ал ( Барак Обама) мындай жетекчилиги үчүн жогору баага арзыйт. Ал мында утулушка учурабайт.

Обама салык маселесинде жакында оппозициядагы республикачылар менен мунасага барды.
Жогорудагыдай саясаттын зарылдыгын президент Барак Обаманын өзү да сезип, ишке убакытты коротпостон эле киришкендей. Декабрдын башында ал оппозициядагы республикачылар менен салыктарды кыскартуу боюнча мурдагы президент Жорж Буштун доорунан калган эрежени сактоо, ага катар жумушсуздарга берилүүчү жөлөк пулду жана башка жеңилдиктерди кеңейтүү боюнча макулдашууга жетишти.

Бул макулдашуу Обаманын өзүнүн Демократиялык партиясы ичинде нааразычылыктарды жаратты. Бирок аны менен бирге президентке өзүн саясий күрөштөн жогору турган лидер катары көргөзүүгө мүмкүндүк берди. Республикачылар менен табылган мунасанын маңызын Обама өзү коомчулукка мындайча түшүндүргөн:

- Кийинки жылга да өтүп кетүүчү узак саясий күрөш, балким, саясат үчүн жакшы болмок, бирок экономика, Америка эли үчүн жаман. Президент катары менин милдетим Американын эли үчүн туура нерсени жасоо. Бул жоопкерчиликти мен кызматта канча турсам, ошончо карманам.

Анткен менен бул стратегия ойрон болуп калбашы үчүн аны ишке ашыруу президент Барак Обамадан да саясий чеберчиликти талап кылат.

Эң башкысы экономика

Вашингтондогу Брукингс институтунун америкалык саясат боюнча эксперти Уильям Манндын көз карашында, Обаманын алдында аны тобокелчиликке кептөөчү эки фундаменталдык маселе бар.

Биринчиси жана эң башкысы - экономика. Эгер экономика азыркыдай эле депрессиялык абалда кала берсе, Обаманын саясий амалдары канчалык акылдуу болбосун, анын президенттик кызматта дагы бир мөөнөткө каларына үмүт аз.

Экинчиден, Обаманын өз партиясы ичинде ажырым чыгуу коркунучу бар. Ажырымдын жүйөөсү америкалыктар арасында анча популярдуу эмес ооган согушу жана Обаманын республикачылар менен мунасасы боюнча демократтар арасында нааразылык тереңдеп жатышына байланыштуу. Бул өз кезегинде шайлоо жылы Демократиялык партиянын ичинде проблема жаратуусу мүмкүн.

Вашингтондогу Брукингс институтунун талдоочусу Уильям Манндын пикиринде, экономикага келгенде, бюджет таңкыстыгы өңдүү көйгөйлөр анча маанилүү эмес, мунун ордуна колунда барлар менен жоктордун ортосунда улам кеңейип бара жаткан ажырымга каршы туруучу жана турмушка жарамдуу экономикалык стратегия ойлоп табуу керек:

- Маселенин баары эле барып, таңкыстыкка такалбайт. Андыктан бул жерде пайдасын биздин коомдун кеңири катмары көрүүчү жана экономикалык өсүштү алып келе турган нерсе керек. Мындай нерсе узак убакыттан бери боло элек.

Чечүүчү учур

Жаңы жылдан, тагыраак айтканда 3-январдан тартып, АКШда Конгресстин жаңы курамы ишке киришүүдө. Конгресстин Эл өкүлдөр палатасында эми республикачылар үстөмдүк кылат. Алар мисалы Барак Обаманын президенттигинин буга чейинки бөлүгүнүн ички саясаттагы башкы жетишкендиги катары каралып жүргөн саламаттыкты сактоо чөйрөсүндөгү реформасын бузуу жана мамлекет эсебинен кошумча чыгымдарга бөгөт коюу үчүн колдон келгендин баарын жасарын убада кылышкан.

Кезинде АКШнын Обамага чейин демократтардан чыккан президенти Билл Клинтонго ички саясат боюнча кеңешчилик кылган Уильям Галстон айтымында, президент Барак Обама саясатын электораттын кеңири катмарына жеткирүү жагынан ишинде кемчиликтер бар экенин моюнга алат. Бирок анда буга чейин жоготулгандардын ордун Жаңы жылда толтуруу боюнча жакшы мүмкүнчүлүктөрү да бар.

Галстондун пикиринде, мунун бир мүмкүнчүлүгү - президент Конгрессте салтка айланган жылдык кайрылуусун жасоочу учур. Президент бул кайрылууда бийлик мөөнөтүнүн үч-төрт же беш-сегиз жылына чейин таасир берүүчү пландарды койо алат. Кыскасы талдоочу Галстондун көз карашында, 2011 –жыл Барак Обама үчүн президенттиги үчүн чечүүчү жыл болуп калмакчы.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG