Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:38

Клинтондун саламаттыгы санаа жаратты...


Хиллари Клинтон, 11-сентябрь, 2016-жыл
Хиллари Клинтон, 11-сентябрь, 2016-жыл

Кошмо Штаттар 2001-жылы 11-сентябрда жасалган теракттарды эскерди. Иш-чара жүрүп жаткан учурда Хиллари Клинтондун ден соолугу начарлап, эрте кетүүгө аргасыз болгон.

Клинтон айымды эки капталынан жөлөгөн жансакчылары автоунаага салып жатканы видеотасмада баарына көрүндү. Кийинчерээк Клинтон айымдын пневмония дартына кабылганы айтылды.

11-сентябрда Нью-Йоркто мындан он беш жыл илгери жасалган ири масштабдуу теракттардын курмандыктары эскерилди. Ага президент Барак Обама катышып, сөз сүйлөдү. Ал Нью-Йорк жана Пентагондогу теракттардын курмандыктары унутулбасын белгиледи:

- Мына ушул жерде карасанатайлык менен 3 миңдей адамдын гүлдөй өмүрүнөн ажыраганын биз эч качан унутпайбыз, ал биздин эсибизде. Алардын арасында эң кичүүсү үч жашта болгон 184 аял, эркек жана балдарды да унутпайбыз (Пентагондогу теракттан каза болгондор).

Эскерүү иш-чарасына катышкандар арасында АКШ президенттигине талапкерлер Дональд Трамп жана Хиллари Клинтон айым да болду.

Эскерүү зыйнаты жүрүп жаткан мезгилде Клинтон айым өзүн жаман сезип, ал жерден кетүүгө аргасыз болгон. Жыгылып кетчүдөй болгон Клинтон айымды жансакчылар эки колтугунан жөлөп, автоунаага салышкан. Бул учурда Клинтондун эс-учун жоготуп койгону да айтылууда. Жансакчылар жана жардамчылар аны жакын арада жайгашкан кызынын үйүнө алып барган. Көп өтпөй Клинтон айым көчөгө чыгып, баары жайында экенин билдирген.

Клинтонго байланыштуу окуяны түшүндүргөн Демократиялык партиянын шайлоо кампаниясынын өкүлдөрү 2001-жылдагы тератка байланыштуу иш-чарада 1.5 саат бою аптапта турган Клинтон айымга “ысык өтүп кетти” дешти. Бирок кийинчерээк Клинтон айымдын жеке дарыгери Лиза Бэрдак билдирүү менен чыгып, Хиллари Клинтон айым өпкөсүнөн сезгенгенин же пневмонияга кабылганын билдирди. Ошондой эле дарыгер Клинтон айым жөтөл жана аллергиядан жабыркап жатканын кошумчалаган. Ага антибиотик жана башка дарылар жазылып, эс алуу жана өнөктүккө байланыштуу күн тартибин өзгөртүү сунушталды.

Натыйжада Хиллари Клинтон 12-13-сентябрда Калифорния штатында өтө турган жолугушууларынан баш тартты.

Клинтон айымдын ден соолугуна байланыштуу маселени анын атаандашы Дональд Трамп буга чейин козгоп келген. Бирок бул ирет Трамп жардамчыларына да Клинтондун саламаттыгына байланыштуу сөз кылбоону талап кылды.

Хиллари Клинтон 11-сентябрда саламаттыгына байланыштуу окуяга чейин да шайлоо өнөктүгүнө терс таасир эте тургандай жаңылыштык кетирген эле. Ал үчүн көп өтпөй өкүнүчүн да билдирген. Тактап айтканда, Клинтон айым ишемби күнкү сөзүндө Трамптын тарапкерлеринин бир бөлүгүн “ кол берүүгө да болбогон топтошкондор” деп атаган.

Ага жооп ирети Трамп “Клинтон менин тарапкерлеримди, миллиондогон эмгекчил жана керемет кишилерди кордоду. Буга ал жообун шайлоо бекеттеринде алат” деп Твиттердеги баракчасына жазган. Шайлоо өнөктүгүнүн мыйзам ченемдүүлүгүнө жараша атаандаштар бири-биринин ар бир жаздым кадамына мына ушинтип жооп берип турчу.

Бирок Трамп Клинтондун ден соолугу тууралуу сөз кылбоо талабы менен, шайлоонун “шайтан оюндарынан” адамгерчиликти жогору койдубу же рейтинги аз болсо да Клинтондон өтүп, жеңишине ишеним жаралып, кең пейил боло баштадыбы? Азырынча бул суроолорго бир жактуу жооп айтыла элек.

Кошмо Штаттарда президенттик шайлоо 8-ноябрда болот. Ага чейин эки талапкердин үгүт өнөктүгүн жүргүзүү эле эмес, теледебаттарда бет келиши да күтүп турат.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG