Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:09

Италия премьери отставкага кетет  


Маттео Ренци келинчеги менен добуш берүүгө келген учуру.
Маттео Ренци келинчеги менен добуш берүүгө келген учуру.

Италиянын премьер-министри Маттео Ренци конституциялык реформа боюнча референдумда жеңилгенин моюнга алды, отставкага кетерин жарыялады. Добуштарды саноо аяктай элек, бирок шайлоочулардын көпчүлүгү реформаларга каршы добуш бергени белгилүү болду. Ренци реформа жөнүндөгү сунушту элдин басымдуу бөлүгү колдобой койгону ачыкталып калганын, андыктан референдумду утурлай берген кызматын тапшыруу тууралуу убадасын аткара турганын айтты.

4-декабрда Европага ыктаган өкмөт башчы Маттео Ренциге экономикалык реформаларды жүргүзүү үчүн кеңири укук берүү сунушу жалпы элдик добушка коюлган. Шайлоочулардын көбү буга каршы добуш беришти.

XS
SM
MD
LG