Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:42

Кошмо Штаттар Орусияга каршы санкцияларын кеңейтип, бул ирет президент Путиндин жакын чөйрөсүн бутага алды. Орус расмий өкүлдөрү киргизилген кара тизмени узартуу чечимине келгенин Еврошаркет да жарыялады. Муну менен Батыш Орусияны Украина боюнча саясатын өзгөртүүгө мажбурлоону көздөөдө. Москва Вашингтон жооп аларын эскертти.

Президент Обаманын администрациясы санкциялардын бул жолку айлампасында Орусиядан жети кызмат адамын жана 17 компанияны камтыды.

Кошмо Штаттардын Каржы министрлиги 28-апрелде жарыялаган тизмеге караганда, санкцияга кабылгандардын кеминде үчөө президент Владимир Путиндин эң жакынкы чөйрөсүнөн. Алар мамлекеттик “Роснефть” компаниясынын президенти жана Путиндин досу деп саналган Игорь Сечин, өкмөттүн вице-премьери, Крым аннекциялангандан кийин бул аймактын экономикалык өнүгүүсүн көзөмөлдөө милдети жүктөлгөн Дмитрий Козак, “Ростехнология” мамлекеттик корпорациясынын баш директору, мурдагы чекист Сергей Чемезов.

Орус бийлиги менен мамлекеттик бизнес секторунун бул жогорку даражалуу үч өкүлү жана башка төрт расмий адамдын АКШда активдери болсо тоңдурулат, аларга Кошмо Штаттардын визасы берилбейт.

Ак үйдүн билдирүүсүндө көрсөтүлгөндөй, “Москва 17-апрелден бери Женевада алган милдеттемелеринин бирин да аткарган жок, а түгүл кырдаалды курчутту жана Орусиянын Украина чыгышындагы соңку кыянатчылыктарга катышы бардыгы талашсыз”.

Вашингтондун жаңы санкциялары жарыяланар алдында президент Барак Обама буларды айтты:

- Биздин бул жердеги максат - Путин мырзанын жеке өзүнүн артынан түшүү эмес. Максат аны Украинага карата азыркы саясатынын орус экономикасына узак мөөнөттүү терс кесепети болорун аңдап билдирүү. Биз аны ал Украинадагы кризисти дипломатиянын жардамы менен чечүү тууралуу жөн гана айтып койбостон, бул багытта аракеттене баштоосуна түрткүбүз келет.

Обама санкциялардын кийинки айлампасына Орусияга коргонуу боюнча жогорку технологияларды экспорттоого тыюу салууга көңүл буруларын кошумчалган эле.

Орус президенти Владимир Путин болсо кечээ Федерация кеңешинин мүчөлөрү менен жолугуп жатып, Батыштын санкцияларынан улам Орусия Украинадан аскерий технологиянын тетиктерин импорттой албай калышы мүмкүндүгүн, бирок бул Москваны чочутпай турганын айтып өткөн:

- Биз баары бир жасайбыз. Маселе убакытта жана акчада гана жатат. Бир аз кымбат жана убакыт жагынан узагыраак болот. Бирок биз жашай алабыз жана алдыга кетебиз. Ал эми биздин өнөктөштөр (Батыштагы) эч нерсе кыла албайт. Бүгүнкү турмуш чындыгынын логикасы ушундай.

Орус тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков “Интерфакс” агенттиги менен маегинде АКШнын акыркы санкцияларын комментарийлеп, Москванын жообу Вашингтон үчүн “сезилерлик болорун” эскертти. Рябковдун айтымында, “Орусия менен санкциялардын тилинде сүйлөшүүгө эч кимдин укугу жок”.

АКШ санкцияларынын жаңы айлампасында бутага алган 17 компаниянын арасында “Газпром” өңдүү ири мамлекеттик компаниялар жок. Бирок санкцияга кабылгандар президент Путиндин достору делгендерге таандык же алар тарабынан көзөмөлдөнөт деп саналгандар. Украинадагы кризис үчүн Орусиянын энергия гиганты - “Газпромду” жазалоону Обама администрациясынан америкалык мыйзамгерлердин бир нечеси өтүнгөн эле. Ак үйдүн билдиргенине караганда, алар компаниялар менен экономика секторлоруна каршы потенциалдуу санкциялардын америкалык бизнеске жана Орусия газынан көз каранды европалык өнөктөштөргө тийгизүүчү таасирин да да караштырып жатат.

Бул аралыктан Европа да өз тарабынан кара тизмеге киргизилген орус расмий өкүлдөрүнүн санын көбөйтүүдө. Кечээ шаркеттин өкүлдөрү билдиришкендей, дипломаттар кара тизмге дагы 15 адамды киргизүүнү макулдашты. Муну менен Еврошаркет санкциясына кабылган орусиялыктардын саны 48ке жеткен болот.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG