Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:34

Орус элчисинин сөөгү Москвага алып келинди


Бириккен Улуттар Уюмундагы Орусиянын элчиси Виталий Чуркиндин сөөгү жүктөлгөн учак 23-февралда Москвага келип конду.

Мындан үч күн мурун, 65 жашка чыгышына бир күн калганда Чуркин капысынан каза тапкан эле. Орусиянын тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Виталий Чуркин менен коштошуу 24-февралда болуп, ал Троекуровское көрүстөнүнө коюлат.

Чуркин 2006-жылдан бери Орусиянын БУУдагы элчиси кызматын аткарып келген. 21-февралда Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши аны бир мүнөттүк үнсүз туруу менен эскерди. 22-февралда Нью-Йоркто аны менен коштошуу зыйнатына 300дөн ашуун дипломат, анын ичинде Орусиянын АКШдагы элчиси Сергей Кисляк, АКШнын БУУдагы элчиси Никки Хейли катышкан. (AiT)

XS
SM
MD
LG