Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:38

ФБР илимпоздорду кыраакылыкка чакырат


Массачусетс технологиялык университети 2010-жылдан бери Москванын “Сколково” илимий долбоорунун өнөктөшү.

Массачусетс технологиялык университети 2010-жылдан бери Москванын “Сколково” илимий долбоорунун өнөктөшү.

АКШнын Федералдык иликтөө бюросу Орусия менен кызматташкан технологиялык компанияларга, илим изилдөөчүү мекемелерге, орто жана жогорку окуу жайларга Орусиянын фирмалары менен кызматташууда сак болууну эскертти.

Кошмо Штаттардын Федералдык иликтөө бюросунун - ФБРдин Бостондогу бөлүмү мындай чараларга соңку окуялардан улам барып жатканын билдирди. Орусиялык өнөктөштөрдүн көбү өкмөттөн каржыланат жана алардын чыныгы максаты америкалыктардан илимий маалыматтарды, жашыруун коддорду алуу болушу мүмкүн деген ой иликтөөчүлөрдү кооптондурат.

Бостондо бир катар компаниялар аскерий коргонуу өндүрүшүнө байланышы бар иштер менен алектенет. Ошондой эле мындай эскертүү Массачусетс технологиялык университетине дагы жөнөтүлдү. Бул окуу жай 2010-жылдан бери Москва АКШнын Силикон өрөөнүнө окшоштуруп куруп жаткан “Сколково” илимий долбоорунун өнөктөшү.

ФБРдин Бостондогу бөлүмүндөгү атайын агенттин жардамчысы Люсия Зиобро "Сколково" менен орус армиясына брондолгон техника жиберген “Камаз” ишканасынын кызматташуусу кооптондурарын айтат.

Орусиянын мамлекеттик инвесторлору АКШ “курулай чочуп жатканын” белгилешип, жаңы техноголияларды “уурдоону көздөп атышат” деген пикирди америкалык изилдөөчүлөр далилсиз айтып жатышканын билдирет.

Люсия Зиобро чет элдик ишканалар менен иш жүргүзгөн илимий институттарга эскертме берип, көзөмөлдөп туруу “Биздин программа жалпы сырткы коркунучту алдын алып турушу керек. Биздин эскертме бардык өлкөлөргө Кытай, Орусия жана башка мамлекеттерге тиешелүү” алар аткарган милдеттин бир бөлүгү экенин айтат.

Алгач ФБР технологиялык фирмалардын Орусия менен кызматташуусуна өткөн жылдын аягында көңүл бура баштаган. Андан соң ал бардык илимий мекемелерге эскертүү жөнөткөн. Өткөн айда “Бостон бизнес” деген журнал аркылуу Зиобро америкалык компанияларды орусиялык инвесторлор менен келишим түзүүдө абайлап чечим кабыл алууга чакырган.

“Фонд аркылуу орус өкмөтү биздин өлкөдө ар кандай изилдөөлөрдү жүргүзүп, аскерий жана коммерциялык жашыруун маалыматтары топтошу мүмкүн”, - деген агенттер өзгөчө “Сколково” коруна көңүл буруу эскертишет.

Зиобро “Сколководон” башка орус компанияларын атаган эмес. Орус өкмөтү каржылаган эки инвестордук компания технология жана биотехнологиянын кичи мекени саналган Массачусетс штатында транспорт тармагы боюнча долбоорлорду ишке ашырат.

2011-жылы мамлекет тарабынан каржыланган “Роснано” Бостондо жайгашкан наномедициналык фирмаларга 50 миллиондой доллар инвестициялаган. Ошол эле жылы альтернативалык энергия булактары менен иштеген фирмага 35 млн. доллар которгон.

Бул фирмалар ФБРдин эскертүүсү боюнча өз пикирин билдирүүдөн баш тартышты.

“Роснанонун” вице-президенти Евгений Друзяка “Роснано” жалпысынан биотехнолгоия, энергетика жана башка тармактар боюнча америкалык компанияларга 1 млрд. ашык доллар инвестиция салганын “Азаттыка” айтты.

Евгений Друзяка ФБР эскертүүсү тууралуу сүйлөөдөн баш тартты. Ал эми “Роснанонун” АКШдагы бөлүмүнүн аткаруучу директору Дмитрий Аханов Зиобронун айткандарын “биринчи апрелдеги тамаша” деп атады.

Бостондо америкалык фирмаларга 65 млн. ашык акча инвестициялаган Орусиянын акционердик компаниясынын кеңсеси жайгашкан. Компаниянын аткаруучу жетекчиси Аксел Тилман федералдык кызматтын билдирүүлөрү акылга сыйбай тургандыгын билдирет.

- Биз бизнестин эки тараптуу өнүгүшүнө салым кошуп жатабыз. Бул биздин эң негизги максатыбыз. Федералдык иликтөө кызматынын мындай билдирүү жасашына түрткү боло тургандай мен бир дагы мисалды билбейм, - деди ал “Азаттыка”

Москванын алдында жайгашкан “Сколково” фонду дагы америкалык атайын кызматтын эскертүүсү боюнча эч кандай комментарий берген жок.
Өткөн жылы Массачусетс технология институту менен биргеликте “Сколково” фонду атайын илимий институт түзгөн. “Сколково” ошондой эле “инновациялык долбоорго” өнөктөштөрдү тартуу максатында салыктан бир топ жеңилдиктерди берет.
  • 16x9 Image

    Элиза Кененбаева

    "Азаттыктын" Прага шаарындагы кеңсесинин кызматкери, "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу (2011-2013). Кыргыз-Орус (Славян) университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG