Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:16

Орусия Кошмо Штаттардын Борбор Азияда наркосоодага каршы күрөшүү боюнча жаңы планына каршы чыкты. Маалыматтарга караганда, Москва аймактын беш өлкөсүн да америкалык долбоорду колдобоого ынандыра алгандай. Талдоочулар мунун Орусиянын Борбор Азияда АКШнын таасири артуусунан сактануусу катары баалоодо.

Вашингтон “Борбор Азиянын антинаркотикалык демилгеси” деп атаган долбоордо Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстанда атайын ыкчам топторду уюштуруу жана ал топтор өз ишин Ооганстан менен Орусиянын тиешелүү мекемелери менен координациялоосу каралган.

Долбоор боюнча ар бир өлкөнүн наркозаттарга каршы күрөшүү мекемелеринен жыйырма бештен адам кире турган атайын топтор АКШ тарабынан жетектелип, өз ара маалымат алмашып турушмак, чек аралардагы операцияларды координацияламак, наркосоодагерлерге каршы козголгон кылмыш иштерин иликтешмек.

Мамлекеттик катчынын орун басары Уильям Бернс жана мамкатчынын укук тартиби жана наркозаттарга каршы күрөшүү маселелери боюнча жардамчысы Уильям Браунфилд баштаган америкалык делегация бул планды өткөн жумада Венадагы эл аралык форумда сунуш кылышкан.

Бирок америкалык тараптын сунушуна чейин Борбор Азиядагы өнөктөштөрү менен түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн Орусия аларды долбоорду кабыл албоого ынандыра алгандай.

Маселеге тиешеси бар америкалык чиновниктердин бири Венадагы жыйындан кийин вашингтондук делегация келишимге жетише албаганын, бирок алардын демилгеси четке да кагылбаганын ырастады.

Бирок америкалык чиновник ага катар жолугушуунун жыйынтыгы алар үчүн күтүүсүз болгонун да кошумчалаган.

Мамкатчынын жардамчысы Уильям Браунфилд планга колдоо алуу максатында былтыр жана Венадагы жыйын алдында аймакты кыдырып келген эле.

Мамлекеттик департаменттин укук тартиби жана наркозаттарга каршы күрөш бюросунун расмий өкүлү Сьюзан Питтмандын “Азаттык” радиосуна айтканына караганда, Венада сунушталган план боюнча сүйлөшүүлөр алдыда улантыла берет:

- Биз Борбор Азиянын расмий өкүлдөрү менен атайын топторду түзүү жана наркозаттар менен каршы күрөштө АКШ көргөзө алуучу жардамдарды талкуулоону улантабыз.

Орусиянын жүйөөсү

Орус расмий өкүлдөрү маселени комментарийлей элек болсо да Москванын туруму “Коммерсант” басылмасында чечмеленген. Басылманын өз булактарына таянып жазганына караганда, негизги көйгөй АКШ түзүүнү көздөгөн атайын топтор менен байланыштуу.

“АКШнын пикири боюнча алар кеңири ыйгарым укуктарга ээ болуусу, эң башкысы Борбор Азия өлкөлөрүнүн атайын кызматтарына, күч органдарына түшкөн оперативдүү жана жашыруун маалымттарды ала алуусу керек. Москва бул АКШга сезимтал маалыматтарды топтоого жана ошол маалыматтардын жардамы менен аймактын бийликтерине шантаж жасоого мүмкүндүк берет деп кооптонот”, - деп жазат “Коммерсант” басылмасы.

Ысымы аталбаган, бирок “Коммерсант” шилтеме жасаган орусиялык расмий өкүлдөр жаңы планды “Борбор Азияга кирүүнүн жана АКШнын аймактагы аскерий-саясий таасирин күчөтүүнүн аспабы”, деп мүнөздөө менен “Жамааттык коопсуздук келишими уюмунда структуралар болсо жаңысын түзүүнүн кандай кажети бар. Эгер наркотрафикке каршы чындап күрөшүүнү кааласа, америкалыктар ага эмне кошулушпайт”,- деп суроо салышкан.

АКШ Мамлекеттик катчысынын жардамчысы Уильям Браунфилд былтыр июлда “Азаттык” радиосуна курган маегинде жаңы план азыр иштеп жаткан структураларды алмаштырбастан толуктай тургандыгын айткан эле.

Ал ошондой эле АКШ баштаган НАТО күчтөрүнүн 2014-жылы Ооганстандын кетиши менен наркотрафик боюнча кырдаал курчуй турганын эске алганда, план Вашингтон менен Москванын аймактагы таасир үчүн талашынын төө бастысында калбай күтөрүн белгилеген. Америкалык дипломаттын ырастоосунда, жаңы демилге АКШнын да, Орусиянын да кеңири катышуусун талап кылбайт. Бирок бул аргументтер Орусияны ынандырбагандай.

"Эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт"

Орусия кезинде АКШны Ооганстандан чыккан наркоагым менен күрөшүүгө олуттуу көңүл бурбаганы үчүн сынга алганын, эми болсо анын долбооруна каршы чыкканын эске салган байкоочулардын пикиринде, бул Вашингтон ооган апийимине каршы күрөштү Борбор Азияда, ал эми Орусия Ооганстандын өзүндө жүргүзүүнү каалоосун көргөзүп жатат.

Бул маселеде алардын ортосунда пикир келишпестик бардыгын “Азаттык” менен маегинде Кыргызстандын наркозаттарга каршы күрөшүү агенттигин 2007-2009-жылдары жетектеген генерал Болотбек Ногойбаев да белгиледи:

- Эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт дегендей АКШ, Орусия бири-бирине моюн бербей жатышпайбы. Тигилер чогултса булар келбейт, булар чогултса тигилер келбейт. Барышса да бири-бирин жактырышпайт. АКШ менен Орусия мамилелерин чечише албаганынын таасири Борбор Азияга тийүүдө. Өзгөчө Кыргызстан менен Тажикстанды (наркозаттарга каршы күрөшүү маселесине келгенде) футбол ойногондой эле кылышты.

Ал эми Вашингтондогу Хадсон институтунун аскерий-саясий анализ борборунун башчысы Ричард Вайц Орусиянын АКШ планына каршылыгын анын Борбор Азияда кандай ролу болбосун ага ишенбөөчүлүгү тереңдигине байланыштырат:

- Бул Орусия Ооганстандагы согуштан кийин АКШнын Борбор Азияда турушунан өзүн мурдагыдай эле коомай сезерин күбөлөндүрүп турат. Таң калыштуусу Орусия АКШ жана эл аралык коопсуздук күчтөрү ооган наркотрафиги менен күрөштү ойрон кылышты деп эң көп даттанганы.

БУУнун башкатчысы Пан Ги Мундун Венадагы жыйында айтканына караганда, Ооганстандын апийим экспортунун тапкан жылдык кирешеси 2,4 миллиард долларга жетиши мүмкүн. Бул өлкөнүн Улутук дүң өндүрүшүнүн 15% дегендик.

БУУнун соңку изилдөөлөрүнүн бири Орусия жан башына эсептегенде ооган героининин эң көп керектөөчүсү экендигин көргөзгөн. Өлкөдө наркозаттарды колдонуудан жылына 30-40 миң адамдын өмүрү кыйылат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG