Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:04

АКШда азыркы президент Барак Обама Демократиялык партиянын курултайында Ак үй үчүн экинчи мөөнөткө талапкерликти расмий кабыл алды.

Ал мындан төрт жылга жетпеген мезгил мурда АКШнын ал кезде Орусия менен начарлай түшкөн мамилесин “кайра жандырган” эле. Обаманын республикачыл атаандашы Митт Ромни болсо жакында эгер Ак үйгө ал келсе, Орусияга карата катаал турумду карманарын айтып чыккан. Ромнинин сөздөрүнө кечээ орус президенти Владимир Путин жооп кайтарды.

Республикалык партиянын президенттикке талапкери Митт Ромни эгер Ак үйдөгү эки тизгин, бир чылбыр анын колуна тийсе, Орусия катаал мамилени күтө берүүсү керектигин өз партиясынын жакында Флорида штатынын Тампа шаарында өткөн курултайында айткан:

- Орусия, шек жок, биздин биринчи геосаясий душманыбыз. Алар ар бир иште дүйнөнүн жаман оюнчулары үчүн күрөшөт. Менин администрациямда биздин достор көбүрөөк берилгендикти, ал эми Путин мырза азыраак ийкемдүүлүктү, көбүрөөк катаалдыкты сезет.

Митт Ромни тышкы саясаттын маселелерине келгенде, атаандашы Барак Обаманы Москва менен карым-катнашта жумшактык кылганы үчүн сындап келатат. Орус президенти Владимир Путин Ромнинин соңку сөздөрүнө жоопту 6-сентябрда сыналгы аркылуу кайтарды:

- Ромни мырзанын турумуна келсек, биз бир жагынан бул шайлоо алдындагы риторика экендигин жакшы түшүнөбүз. Бирок, менимче, ал жаңылыш экендиги айныксыз. Анткени өзүн эл аралык аренада мындай алып жүрүү - улутчулдук менен сегрегациянын аспабын өз өлкөсүнүн ички саясатында колдонууга эле барабар. Саясий ишмер же мамлекет башчылыкка, анын үстүнө Кошмо Штаттар сыяктуу улуу өлкөнүн мамлекет башчысы болууга талаптанган адам күн мурунтан эле бирөөнү душман деп жарыяласа, эл аралык аренада деле ушундай таасир болот.

Берүүлөрүн англис тилинде таратуучу Russia Today телеканалы обого чыгарган маек Путиндин быйыл майда, президенттик кызматка кайра киришкенден кийинки алгачкы интервьюсу болду.

Орус президенти Москва менен Вашингтондун мамилесиндеги эң талылуу маселе - Европада ракетадан коргонуу системасын орнотуу боюнча АКШ менен НАТОнун планына байланышкан талаш, эгер Ак үйдө Барак Обама кайра калса, жеңил кетерин жокко чыгарган жок:

- Бул проблеманы эгер АКШ президенттигине, экинчи мөөнөткө учурдагы президент Обама кайра шайланса чечүү мүмкүнбү? Принцибинде, ооба. Биз Америка эли кимди шайласа, ал менен иштешебиз. Бирок канчалык эффективдүү иштейбиз, бул биздин өнөктөштөрдүн каалоосуна жараша болот.

Ракетадан коргонуу системасы боюнча АКШ менен Орусиянын талашы мурдагы президент Жорж Буштун экинчи мөөнөтүндө эле башталган. Анда Буш пландын Орусияга каршы багытталбаганына Москваны такыр ынандыра албай койгон.

Путин менен Обама Чоң жыйырманын Мексикадагы саммитинде жолуккан. 18-июнь, 2012-жыл.

Путин менен Обама Чоң жыйырманын Мексикадагы саммитинде жолуккан. 18-июнь, 2012-жыл.

2009-жылы январда президенттик кызматка киришкенден кийин Орусия менен мамилени “кайра жандырган” Барак Обама деле ракетадан коргонуу системасы боюнча пландан баш тарткан эмес, бирок анын кайра каралган вариантын сунуш кылган. Анткен менен Орусия аны деле улуттук коопсуздугу үчүн коркунучтуу деп эсептегендиктен, тараптар мунаса таба албай келүүдө. Путин интервьюсунда буларды кошумчалады:

- ПРО проблемасын чечүү деген эмнени билдирет? Бул - ракеталык коркунучтар менен байланышкан маселени бирге чечүү жана бул системаны башкарууга эки тарап тең бирдей катыша аларына макул болуу дегенди билдирет. Бул - коргонуу чөйрөсүндөгү өзгөчө сезимтал ишмердик. Биздин өнөктөштөр мындай кызматташтыкка даярбы, мен билбейм.

Орусиянын каршылыгына карабай, НАТО ракетадан коргонуу үчүн Европада жайгаштырылуучу система боюнча планын быйыл майда, Чикагодогу саммитте жарыялаган. Ал толугу менен 2020-жылдан тарта иштей баштоосу керек.

Америкалык “Вашингтон Пост” гезити Ак үй үчүн атаандашкан Ромни менен Обаманын тышкы саясаттагы айырмачылыктарын талдаган макаласында, 3-сентябрда белгилегендей, Обама кайра шайланса, Путин менен эки өлкөнүн өзөктүк дүрмөттөрүнүн саны дагы олуттуу кыскартуу боюнча жаңы макулдашууга жетүүнү көздөйт. Бул үчүн ал Путин менен ракетадан коргонуу планы боюнча мунаса табуусу зарылдыгын быйыл мартта эле, Орусиянын мурдагы президенти Дмитрий Медведев сүйлөшүүсүндө моюнга алып, шайлоодон кийин “ийкемдүүрөөк” боло аларын айткан.

Ал эми Ромнинин Орусияга карата саясаты, “Вашингтон Пост” жазгандай, мунун тескерисине жакын болот. Ромни 2010-жылы Москва менен өзөктүк дүрмөттөрдү кыскартууну караган келишимге каршы чыккан. Ал ошондой эле ракетадан коргонуу системасы үчүн сарпталуучу каражатты көбөйтүүнү убада кылууда.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG