Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:09

АКШ-Орусия: Президенттер эмес, министрлер сүйлөшөт


Жон Керри жана Сергей Лавров, Москва, 7-май, 2013-жыл.

Жон Керри жана Сергей Лавров, Москва, 7-май, 2013-жыл.

Вашингтондо АКШ менен Орусиянын жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрү өтүп жатат.

Эки өлкөнүн мамилеси начарлаган кездеги сүйлөшүүлөргө тышкы иштер жана коргоо министрлери катышмакчы. Мунун алдында Ак үй президент Барак Обама келерки айда Орусияга барганда Владимир Путин менен көзмө-көз жолукпай турганын жарыялаган.

2+2 же мамлекеттик катчы Жон Керри, коргоо министри Чак Хагел, орус тышкы иштер министри Сергей Лавров, коргоо министри Сергей Шойгунун сүйлөшүүлөрү Орусия АКШнын Чалгын мекемесинин мурдагы кызматкери Эдвард Сноуденге башпаанек бергенден кийин өтүп жатат.

Адегенде АКШ президенти Обама келерки айда "Чоң жыйырманын" Орусиядагы саммитине барганда орус президенти Путин экөө да өзүнчө жыйын курары мерчемделген эле. Бирок Орусия Сноуденге бир жылдык мөөнөткө башпаанек бергенден кийин Вашингтон Москванын бул чечимине абдан иренжигенин билдирип, күн тартибине президент Барак Обаманын Орусияга барар-барбасы жөнүндө маселе чыккан.

Орусиянын Сноуден боюнча чечимине иренжигенин апта башында Обама өзү да айтты жана "Чоң жыйырманын" Санкт-Петербургдагы саммитине барарын ырастады. Бирок мунун артынан Ак үй АКШ президенти Орусиянын лидери менен мурда мерчемделген саммитин токтотконун маалымдап, эки тараптуу жолугушууну азыркы шарттарда “маанисиз” деп атады.

Орусиялык саясий талдоочу, Карнеги корунун Москвадагы кеңсесинин эксперти Мария Липман эки тараптуу саммиттин токтотулушу абдан олуттуу кадам экенин белгилейт:

- Бул өтө олуттуу кадам. Америкалык медианын жазганына караганда, эң жогорку деңгээлдеги эки тараптуу жолугушуудан баш тартылган учур ондогон жылдар мурда болгон экен. Анда Орусия тараптан ал кездеги советтик лидер Хрущев америкалык президент Эйзенхауер менен жолугушуусун токтоткон. Бул америкалык тыңчынын учагы 1960-жылы советтик аймакта кондурулгандан кийин болгон. Демек азыркы кадам дээрлик кездешпеген, олуттуу чара.

АКШнын интернет жана телефон байланышына байкоо салган программасы жөнүндө жашыруун маалыматтарды шардана кылып жиберген Эдвард Сноуден мекенинде тыңчылык үчүн айыпталууда.

Орусия АКШ тыңчылык үчүн айыптаган Сноуденге башпаанек бергенге чейин эле Вашингтон менен Москванын ортосунда бир катар маселелер, атап айтканда, Сирия, Иран, ракетадан коргоону системасы, өзөктүк куралды чектөө маселелери боюнча пикир келишпестиктер бар болчу.

Эл аралык “Фридом Хаус” уюмунун башчысы Дэвид Крамер мына ушуларды да Обама-Путин саммитин токтотууга негиз берген жагдайлар катары атайт:

- Менимче, адам укуктарынын кыжыр кайнаткыдай бузулуп жатса, Сирия боюнча олуттуу пикир келишпештик өкүм сүрсө, Орусия Асад, “Хезболла” жана Иран менен бир тарапта, биз башка тарапта болсок, мен эки президент чынында эмне тууралуу сүйлөшөрүн көрө албай турам.

Крамер президент Обама келерки жылдын кышында Сочи олимпиадасынын ачылышына барбашы керектигине да токтолду.

Акыркы кездери АКШ Конгресси, Мамдепартамент орус бийлигинин жарандык коомду, саясий оппоненттерди кысуусу боюнча коңгуроо кагып келген. Быйыл кышында Обама администрациясы адам укуктарын бузган ондогон расмий өкүлдөрдүн кара тизмесин да түзгөн болчу.

Москванын Сноуден боюнча чечиминен кийин АКШ Конгрессинин муну “душманчыл кадам” катары баалаган айрым мүчөлөрү Орусия менен мамилени түп тамырынан бери кайра кароо керектигин айтып чыгышкан.

Путин менен Обама акыркы ирет Чоң сегиздин саммитинде жолуккан. 17-июнь, 2013-жыл.

Путин менен Обама акыркы ирет Чоң сегиздин саммитинде жолуккан. 17-июнь, 2013-жыл.

Карнеги корунун талдоочусу Мария Липман Орусиянын Сноуден боюнча чечими өзгөрүүсү арсар экенин айтат:

- Менимче, Путин Сноуденди өткөрүп бере албайт жана бербейт. Өзүн Кошмо Штаттардын кысымына алдырбаган лидер катары көргөзүү жагынан ал абдан эле бекем.

Мария Липман АКШ менен Орусия ортосунда алдында чечим кабыл алынбаган, төмөнүрөөк деңгээлдеги байланыштар болуп турарын кошумчалады.

АКШ тышкы иштер жана коргоо министрлери Вашингтондогу бүгүнкү жыйында Ооганстан, Иран, Түндүк Корея маселесин жана АКШнын ракетадан коргонуу боюнча Орусия каршы болгон планын талкуулайт деп күтүлүүдө.

Президент Барак Обама өзүнүн бийликтеги биринчи мөөнөтүн Орусия менен мамилени “кайра жандыруудан” баштап, ал кездеги президент Дмитрий Медведев менен өзөктүк дүрмөттөрдү кыскартуу келишимине жетишкен эле.

Moscow Times гезитинин жазганына караганда, алака-катышты кайра жандандыруу боюнча жараян 2011-жылдын декабрынан тарта эле токтогон. Басылма белгилегендей, Орусия – АКШ алакасында экономикалык компонент анча мааниге ээ болбогондуктан Обама “кайра жандандыруу” аракетин улантпоо жыйынтыгына келген. Ал эми 2012-жылдын майынан тарта Путиндин президенттиги кайра башталгандан бери Обама АКШнын тышкы саясий приоритеттери ичинен Орусияны төмөнкүрөөк баскычка түшүрүп, көбүрөөк маанини Кытайга берүүдө.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG