Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:17

АКШ Европадагы курал-жарагы тууралуу маалыматты мындан ары Орусияга көргөзбөйт. Вашингтон мындай чечимин Москва Европадагы кадимки курал-жарак боюнча келишимди аткарбаганы менен түшүндүрдү.


Вашингтондон мындай жаңылык тараар замат ошол эле күнү кечинде Орусиянын президенти Дмитрий Медведев ачуусун жашыра албай: "АКШ Европадагы абадан коргонуу системаларына байланыштуу биздин тынчсыздануубузду эске албаса, Орусия аларга өз ракеталарын бурууга аргасыз болот" деп эскертти.

Шейшембиде Вашингтондо өткөн маалымат жыйынында АКШ мындан ары аскердик обьекттерине орусиялык инспекторлорду киргизбей турганын кошумчалады. Бул жаңылыктар көптөн берки “кансыз согуш” жылдары кол коюлган келишимди жандантуу аракети майнапсыз аяктаганын билдирет.

Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаментинин маалымат катчысы Виктория Нуланд: “Орусия төрт жылдан бери Европадагы кадимки курал-жарак боюнча келишимди көз жаздымда калтырып келгендиктен, Вашингтон Москвага карата контрчара көрүү чечимин кабыл алды”, - деп чечмеледи.

Чынында Москва 2007-жылы АКШ Чыгыш жана Борбордук Европада антирадардык системалар орнотуу планын жүзөгө ашырып киргенде, Европадагы курал-жаракты чектөө келишимин аткарууга мораторий жарыялаган. Ошондон бери Орусия өз аскерлерин жайгаштыруу-жылдыруу планы, же согуштук техникасы тууралуу маалымат менен бөлүшпөй калган.

Европадагы кадимки курал-жарактар боюнча келишим НАТО жана мурдагы Варшава келишимине кирген өлкөлөр ортосунда 1990-жылы Парижде кол коюлуп, эки аскердик блок үчүн бирдей оор курал-жарактын көлөмү жагынан чектөө киргизген. Ал кезде НАТОго АКШ, Түркия, Канада жана Батыш Европалык 13 өлкө кирсе, Варшава келишимине Советтер Союзу жана социалисттик Чыгыш Европадагы беш өлкө мүчө болчу. Келишимге ылайык, бул эки альянстын Европадагы курал-жарак көлөмү 40 миң аскердик танк, 13600 согуштук учак, 4000 тикучак жана аскердик техника-жабдыктын башка түрүнө да так чектөө коюлуп, андан ашпашы керек эле.

Москва бул “кансыз согуш” аяктай электе кабыл алынган документ эскиргенин кайталап, жаңыртылган келишим түзүүнү сунуштап келатат. “Андан бери мурдагы Варшава Келишимине мүчө чыгыш европалык өлкөлөр НАТОго кирип калгандыктан, ушу тапта түндүк атлантикалык альянстын жалпы арсеналы келишимде көрсөтүлгөн чектен бир далай ашып кеткен”, - деп аргументтештирет орусиялык генерал Юрий Балуевский. Советтер Союзу да ыдырап кеткендиктен, 1999-жылы келишимдин жаңыланган варианты даярдалып, аны Беларус, Казакстан, Орусия жана Украина өз өзүнчө ратификациялашкан.

АКШ жана НАТОго мүчө көпчүлүк өлкөлөр Москва 1999-жылы Стамбулдагы саммитте убада кылгандай, Грузия менен Молдовадагы аскерлерин чыгарып кетмейинче, жаңырталган келишимге кол коюу мүмкүн эместигин кыйытышат. Орусия өз кезегинде курал-жарак коопсуздугун башка саясий маселелер менен чаташтырбоого үндөйт.

Эмнеси болсо да, эксперттер АКШнын чечими символикалуу көрүнүш деп эсептешет. Анткени Вашингтон Европадагы курал-жарагы тууралуу маалыматты Москвага бербесе да, келишимге кол койгон Минск менен бөлүшүүгө аргасыз. Беларус аркылуу Орусия өзүнө керектүү маалыматты оңой эле өндүрүп алат.

Баарынан башкысы – дүйнөдөгү коопсуздукту бекемдөөгө багытталган курал-жарактар көлөмүн чектөө аракетинен азырынча майнап чыккан жок. Москва АКШнын Болгария, Румынияда жаңы аскердик база ачуу аракети Европадагы курал-жарак балансына олуттуу сокку урат деген пикирде. АКШнын Мамлекеттик департаменти Вашингтон курал-жаракты көзөмөлдөө зарыл экенин эч убакта танбайт, келишимди сактап калуу, же жаңылантуу жолдору дале бар деп кошумчалады.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG