Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:23

Сноуден укук коргоочуларды аэропортко чакырды


АКШнын Улуттук коопсуздук агенттигинин мурдагы кызматкери Эдвард Сноуден 12-июлда Москвадагы “Шереметьево” аэропортунун транзиттик бөлүмүндө бир катар орус жана чет өлкөлүк укук коргоочулар менен жолугат.

Жолугушуу Москва убактысы боюнча 17.00гө белгиленди. Сноуден укук коргоочу уюмдарга кайрылган катында өзүнүн абалын, АКШ бийликтеринин башпаанек алууга бөгөт койгон мыйзамсыз кадамдарын талкуулагысы келгенин жазат.

Өз кайрылуусунда Сноуден “акыркы апталарда биз АКШ бийликтери жүргүзгөн мыйзамсыз өнөктүккө күбө болуп отурабыз, адам укуктары боюнча жалпы декларациянын 14-беренесине ылайык, адам башпаанек издөөгө акылуу” деп жазат.

Сноуден ошондой эле Боливиянын президенти Эво Моралестин учагынын текшерилишин сындайт. Эво Моралестин учагы июлдун башында Венага конууга муктаж болгон, себеби айрым европалык өлкөлөр аба мейкиндигин жаап салган. Эво Моралес анын учагында Сноуден бар деп шектелген.

Азырынча Сноуден бүгүн бир кайрылуу жасашы мүмкүн деген божомолдор айтылууда, бирок толугураак маалымат жок. Журналисттер да жолугушууга катышпайт.

Парижде Эдвард Сноуденди колдогон акциялардан бир көрүнүш
Парижде Эдвард Сноуденди колдогон акциялардан бир көрүнүш
Чакырылгандардын арасында Transparency International, Amnesty International, Human Rights Watch уюмдарынын кызматкерлери, адвокаттар жана Коомдук палатанын мүчөлөрү бар. Алар акыркы 10 күндүн ичинде Сноуденди өз көзү менен көргөн кишилер болмокчу. Орус бийликтери Сноуден 23-июндан бери “Шереметьево” аэропортунун транзиттик зонасында деп билдирип келишет, бирок аны эч ким көрө элек.

Amnesty International уюмунун Орусиядагы директору Сергей Никитин эмнеге ал жолугушууга баратканын мындайча түшүндүрөт.

- Сноудендин окуясы көп өлкөлөр, анын ичинде биздин өлкө үчүн дагы бир сабак. Ар бир адам өз укуктарынын бузулушу тууралуу айтып берүүгө акылуу. Анын артынан аңдуу уланууда. Ошондуктан биз АКШ бийликтери анын эркин журүү жана башпаанек суроо укугун чектеп жаткандыгы тууралуу айтып жатабыз.

Никитиндин айтымында, Сноуден Кошмо Штаттарына экстрадицияланбашы керек, себеби ал жакта катаал мамилеге дуушар болушу мүмкүн. Буга чейин Венесуэла, Боливия жана Никарагуа ага башпаанек сунушташкан.

Сноудендин айынан Бээжин менен Вашингтон да араздашууда. АКШнын мамкатчысынын орун басары Уильям Бөрнстин айтышынча, Кытайдын Сноуденди Гонконгдон Кошмо Штаттарга жөнөтпөгөнү Ак үйдү “аябай капаланткан”.

Кытай премьер-министринин атайын өкүлү Ян Цзечи өз кезегинде: "Кытайдын борбордук өкмөтү дайыма Гонконгдун атайын администрациясын сыйлайт жана Гонконг ар кандай иште мыйзамга ылайык аракеттенет. Гонконгдун өкмөтү Сноудендин окуясында мыйзамга жараша жана кемтиксиз аракеттенди”, - деп жооп берди.

Мындай билдирүү Вашингтондогу бийик деңгээлдеги эки күндүк кездешүүдөн соң жасалды. АКШнын жашыруун электрондук көзөмөлдөө программасын ашкере кылган Эдвард Сноуден июнда Гонконгдон Москвага учуп барган. Азыр "Шереметьево" аэропортунда отурат деп болжолдонуп жаткан Сноуден Түштүк Америка мамлекеттеринин биринен саясий башпаанек алып, ошол жакка учуп кетери айтылууда.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG