Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:09

Обама Орусияга бара турган болду


Обама жана Путин акыркы ирет "Чоң сегиздин" Түндүк Ирландиядагы саммитинде кездешкен. 17-июнь, 2013-жыл.
Обама жана Путин акыркы ирет "Чоң сегиздин" Түндүк Ирландиядагы саммитинде кездешкен. 17-июнь, 2013-жыл.

АКШ президенти Барак Обама "Чоң жыйырманын" Орусиядагы саммитине катышарын ырастады.

Бирок Акүй билдиргендей, орус президенти Владимир Путин менен көзмө-көз жолугууну мерчемдеген жок. Америкалык президент Орусияга баруудан баш тартып коюшу мүмкүн экенин Москва АКШ чалгын мекемесинин мурдагы кызматкери Эдвард Сноуденге башпаанек бергенден кийин айтылып жаткан эле.

Расмий Вашингтон Улуттук чалгын агенттигинин контракттык негизде иштеген мурдагы аналитиги Эдвард Сноуденди өкмөттүн интернет жана телефон байланышын көзөмөлдөө боюнча кеңири масштабдагы программасын шардана кылып салганы үчүн тыңчы катары соттоого аракеттенүүдө.

АКШ президенти Барак Обама 6-августта Эн-Би-Си телеканалындагы интервьюсунда Сноуден айтып чыккан программа ыктымал террордук чабуулдарды алдын алуунун өтө маанилүү аспабы бойдон калып жатканын, бирок алар жарандардын жеке турмуштагы купуялуулукка болгон укугун бузбоосу зарылдыгын белгиледи. Ал эми Орусиянын Сноуденге башпаанек беришин эки өлкө мамилесиндеги кыйынчылыктардын ачыкка чыгышы катары баалады:

- Мен иренжидим. Себеби эки ортодо экстрадиция боюнча келишим жок болгон күндө деле, биз салт болуп калгандай өз өлкөсүнүн мыйзамын бузган же бузду делгендер болсо, аны аныктап, баалап, бири-бирибизге урматтоо менен мамиле жасап, иштөөгө аракеттенчүбүз. Алар бизге келгенде мындайга барышкан жок. Кандайдыр бир мааниде бул биздин Орусия менен акыркы кездердеги проблемаларыбызды чагылдырып турат.

Орусия Эдвард Сноуденге бир жылдык мөөнөт менен башпаанекти өткөн аптада ыйгарган. 23-июнда Москвага Гонконгдон келгенден бери Сноуден "Шереметьево" аэропортунда отурган эле.

6-августтагы маегинде Обама Орусия кээде “кансыз согуш доорундагы менталитетке” түшүп кетип жатканын, эки тараптын азыркыдан да эффективдүү кызматташуусуна тоскоолдук кылган эч кандай себеп жоктугуна токтолду.

Обама ошондой эле "Чоң жыйырманын" быйыл күздө Санкт-Петербургда мерчемделген саммитине барарын ырастады:

- Мен ага барам. Анткени "Чоң жыйырманын" саммити - биз эң ири экономикалык державалар менен бирдикте дүйнөлүк экономиканы талкуулай турган форум. Бул Орусия үчүн өзгөчө нерсе эмес, алар быйылкы саммитин конок ээси, бирок биз үчүн, дүйнөнүн жетектөөчү экономикасы катары ал жерде болгонубуз маанилүү.

Обама Орусиянын кумсалык тууралуу маалымат жайылтууга тыюу салган жакындагы мыйзамын сынга алып өттү:

- Иш универсалдык укуктарга, адамдын негизги эркиндиктерине келгенде, сиз расалык, диний, жыныстык белгиси, сексуалдык багыты боюнча дискриминациялоого барсаңыз моралдык принциптерди бузган болосуз. Менимче, бул сызыктан бир дагы өлкө ашпоосу зарыл. Мен кумсаларды же лесбияндарды жана транссексуалдарды коркутуу же аларга зыяндуу жол менен мамиле жасаган өлкөлөргө сабырдуу эмесмин.

Обама Орусия кээ бир маселелерде, атап айтканда Ооганстан жана терроризмге каршы күрөш, Бостондогу бомба жардырууларды иликтөө боюнча кызматташып жатканын кошумчалады.

Акүй Обама "Чоң жыйырманын" Орусиядагы саммитине катышууну пландаганы менен президент Путин менен көзмө-көз жолугушууну мерчемдебегенинин себебин “азыркы шарттарда мааниси жок” деп түшүндүрдү.

Бул аралыкта АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри, орус тышкы иштер министри Сергей Лавров жана эки өлкөнүн коргоо министрлери Чак Хагел менен Сергей Шойгу ушул жума күнү Вашингтондо кездешкени жатат.

Айрым баяндамачылардын пикиринде, Обама – Путин саммитинин тагдыры Вашингтондо күтүлүп жаткан сүйлөшүүлөргө көз каранды болот.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG