Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:53

Атамбаев: Кыргызстанда ыңкылаптарга чекит коюлган


Кыргызстанда ыңкылаптарга чекит коюлган. Бул тууралуу ушу тапта Бишкекте орус президенти Владимир Путин менен өтүп жаткан биргелешкен пресс-конференцияда мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев айтты.

Буга чейинки эки ыңкылаптын тең башында жеке өзү турганын айткан Атамбаев, 2005-жылы да, 2010-жылы да бийлик алынарда эл анын "Форум" кеңсесинде чогулганын эскертти:

- Буга чейинки эки ыңкылаптын тең лидери мен болгом. Эгер үчүнчү революция болсо, аны мен жасабайм. Ыңкылаптарга чекит коюлду. Кыргызстан өнүгүү жолуна түшүшү керек, - деди Атамбаев. (RK)

XS
SM
MD
LG