Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:34

Орус учагы бомбадан кыйрады деген ойго АКШ да кошулду


Кыйраган учактын сыныктары. Египет, 31-октябрь, 2015-жыл.
Кыйраган учактын сыныктары. Египет, 31-октябрь, 2015-жыл.

Орусия учагынын Египетте кыйрашына “террористтердин аралашуу” ыктымалдуулугун Кошмо Штаттар да жокко чыгарбайт.

Расмий Вашингтондун алдында ушундай божомолду британ өкмөтү да айткан эле. Ал эми Орусия мындай билдирүүлөргө ачуулануу менен бүтүм чыгарууга ашыкпоо зарылдыгын баса көргөзүүдө.

Орусиянын жүргүнчү учагы Египетте террордук чабуулдан улам кыйрашы мүмкүн деген версияга абдан олуттуу көңүл бурулуусу керектигин президент Барак Обама Си-Би-Эс телеканалына караштуу KIRO радиосу менен маегинде билдирген.

Ак үйдүн өкүлү Жош Эрнест Вашингтондогу басма сөз жыйында белгилегендей, Кошмо Штаттар орусиялык учактын кыйроо себептери боюнча өз тыянагын чыгара элек, бирок бул трагедияда терроризмдин ролу бардыгын четке какпайт:

- АКШ кырсыктын себептери боюнча өз бүтүмүн чыгара элек деп айтсак так болот. Бирок биз буга чейин билгендерибизге негизденсек, жоопкерчилик (учактын кыйратылышы үчүн) алуу жагынан айтылгандарга жок дегенде жарым-жартылай таянсак, биз эч нерсени, анын ичинде террористтердин катышуусун жокко чыгара албайбыз.

Орусиялык авиакомпания пайдаланган Airbus 321-200 учагынын кулашына жардыруучу зат себеп болушу мүмкүн деген ойду расмий Вашингтондун алдында Британиянын өкмөтү да билдирген эле.

Расмий Лондондун учак кыйроосун өзүнчө иликтеп жатышы орусиялыктардан кийин эле Египетке британиялыктар көп барары менен түшүндүрүлөт. "Биз орусиялык учак террористтер бомбасынан кыйрады деп так кесе ырастай албайбыз, бирок ушул нерсе абдан, ыктымалдуудай көрүнүп турат. Мен чалгын маалыматтарына, эксперттердин кеңешине ылайык аракеттенип жатам”,- деди британ премьери Девид Кэмерон кечээ.

Британ өкмөтү өз тарабынан Египеттин Шарм-эл-Шейх курортуна жүргүнчү учактардын каттамын токтотту.

Британ премьери Кэмерон Египеттин президенти ал-Сиси менен. Лондон, 5-ноябрь, 2015-жыл.
Британ премьери Кэмерон Египеттин президенти ал-Сиси менен. Лондон, 5-ноябрь, 2015-жыл.

Ал эми Египетте калган британ жарандарын жана алардын жүгүн өз-өзүнчө бөлүп алып келген жатат.

Британ медиасынын кабарларына караганда, Синай жарым аралында аракеттенген согушкерлердин кармалган телефон сүйлөшүүлөрүн анализдөө кимдир бирөө жардыруучу затты жүргүнчүлөрдүн жүгүнө катканын ишара кылууда.

Өзүн “Ислам мамлекети” тобунун Синайдагы бөлүмү деп атагандар 4-ноябрда да билдирүү таратышып, алар орусиялык учакка кол салууну жогорудагы экстремисттик топко кошулганын бир жылдыгына тушташ жасаганын айтып чыгышты.

Коопсуздук чөйрөсүндөгү эксперттер учакка сырттан сокку урулушу мүмкүнчүлүгүн четке кагышып, муну себеби катары Синайдагы согушкерлерде 9000 метрден ашуун бийиктикте бара жаткан учакты атып түшүргүдөй технология жоктугун айтышкан.

Кырсыкта каза тапкан жүргүнчүлөрдүн жүктөрү. Египет, 2-ноябрь, 2015-жыл.
Кырсыкта каза тапкан жүргүнчүлөрдүн жүктөрү. Египет, 2-ноябрь, 2015-жыл.

Бомба учактын ичине салынган деген версияга мына ушундан улам көңүл бурулуп жатат.

Орусия британ тараптын маалыматын ачуулануу менен кабыл алды.

Президент Путин британ премьери Девид Кэмеронго телефон чалып, расмий тергөөнүн гана маалыматтарына таянуунун маанилүүгүн белгилген.

Орус тараптын көз карашында, расмий иликтөө бүтмөйүнчө бүтүм чыгарууга ашыкпоо керек. “Росавиациянын” башчысы Виталий Нерадко мындай дейт:

- Комиссия бардык аспектилер анализденгенден кийин гана кырсыктын себептери боюнча бүтүм чыгарууга киришет. Көрүп жатасыңар, эксперттер медиага чыга калып, өз фантазияларын, тигиндей - мындай болду деген версияларын айтууда. Мунун баары убакыттан алдыга чуркагандык.

Учакка бомба салынышы мүмкүн деген версияга Египеттин бийликтери да ынанбай турат.

Талдоочулар баамында, Египет үчүн негизинен бул кырсыкка орусиялык компаниянын жоопкер болуп чыкканы абдан ыңгайлуу.

Анткени, ал Орусиянын жана Батыш өлкөлөрүнүн миңдеген туристтерин жоготкусу келбейт.

Ал эми Орусия жана асыресе президент Путин эгер учакка бомба коюлганы ырасталса, андан кийин көрүлүшү мүмкүн кадамдардын бирин тандоо жагынан дилеммага кабылчудай.

Шарм-эль-Шейх курортунан Санкт-Петербургка учуп чыккан учак 31-октябрда Синай жарым аралы үстүнөн кыйраганда, анын бортундагы 224 жүргүнчүнүн баары мерт болгон.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG