Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:06

АКШнын Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы кызматкери Эдвард Сноуденден жашыруун маалыматтарды ачыкка чыгарган британиялык "Гардиандын" журналисти Гленн Гринвальд дагы бир катар маанилүү маалыматтардын бети ачыларын жарыялады.

"Ассошиэйтед Пресс" маалымат агенттигиндеги маегинде Гленн Гринвальд “дагы бир катар эч ким уга элек орчундуу маалыматтар ачыкка чыгат, жакын арада Сноуден берген жашыруун документтер ондогон окуялардын булагына айланчудай", - деп белгиледи. Журналисттин айтымында, жаңы маалыматтардын качан чыгышы азыр такталууда.

29 жаштагы Эдвард Сноудендин маалыматына таянып, өткөн аптада "Вашингтон Пост" жана британдардын "Гардиан" гезиттери Кошмо Штаттардын коопсуздук кызматтары миллиондогон телефон сүйлөшүүлөрдүн мазмуну менен таанышканга, ошондой эле ири интернет-компаниялардын серверлерине киргенге мүмкүндүк алганын жазышкан.

Сноудендин "Гардиан" гезитине айтышынча, ал маек берген учурда Гонконгдогу мейманканада жашаган. Бирок Сноуден кечээ ал жерден чыгып кеткен. Азыр кайда жүргөнү белгисиз.

Сноуден адамдардын жеке турмушуна мамлекет кийлигишпөөсү керек деген туруму үчүн ушул кадамга барганын айтууда жана маалыматты өз каалоосу менен жекшемби күнү тараткан. "Вашингтон пост" жана "Гардиан" гезиттери Эдвард Сноудендин ысымын анын суранычы боюнча жарыялашты.

Сноудендин айтымында, ал АКШнын Улуттук коопсуздук кызматында - УКК (NSA) төрт жыл иштеген. Аталган эки басылма Сноудендин сөзүнө таянып, УКК Verizon, Google жана Facebook компанияларынын маалымат базасына кире аларын кабарлады.

Америка бийликтери менен бул жаатта кызматташкан деп күнөөлөнүп жаткан Facebook, Apple, Microsoft, Google өкмөт алардын серверилерине түздөн-түз кире алат деген айыптоолорду четке кагышты.

Сноуден айтып жаткан долбоордун бири миллиондогон телефон чалууларды көзөмөлдөйт. Анын максаты - террористтер менен байланыштарды ачыктоо. Экинчи программанын аты Prism – ал Америка бийликтерине интернет мейкиндигинен, электрондук почталардан, социалдык тармактардан, технологиялык компаниялардан маалымат алууга мүмкүнчүлүк берет.

Азырынча интернетке негизделип алынган маалыматка бийлик канчалык көзөмөл кылат, канча маалымат ала алат – бул белгисиз, бирок президент Барак Обама экинчи долбоорду “өтө эле чектелген” жана “фокусталган” деп сыпаттады.

Америка Кошмо Штаттарынын Конституциясына киргизилген төртүнчү түзөтүү америкалык жарандардын телефон сүйлөшүүлөрүн негизсиз укканга тыюу салат. Бирок бийликке байланыш компанияларынын ээлигиндеги маалыматтарды пайдаланганга уруксат берет.

7-июнда президент Барак Обама жогорудагыдай контртеррордук иштерде колдонулчу ыкмаларды коргоду жана америкалыктарга “купуя сыр менен коопсуздукту баланстай билүү керек” деди. Айрым конгрессмендер Эдвард Сноуденди Гонконгдон өлкөгө тез алып келүүгө үндөштү.

10-июнда Ак үйдүн маалымат катчысы Жей Карни эки программаны тең коргоп, алар мыйзамдуу экенин билдирди:

- Потенциалдуу террористтерди таап чыгуу үчүн мындай программалар болушу керек. Улуттук коопсуздук агенттигинин директору белгилегендей, президент тактагандай, эки программа тең бийликтин үч бутагынан - конгресстен, аткаруучу бийликтен жана соттон өткөн.

Карни президент Обама программалардын иштеши жана адамдардын жеке жашоосу боюнча кылдат мамиле керектигин айтып жатканын баса белгиледи:

- Биз улуттук коопсуздук жана адамдардын жеке жашоосунун кызыкчылыктарын тең салмакта кармашыбыз керек. Президенттин администрациясы, анын командасы бул көрүнүшкө баа берүүдө. Бул маселе дебаттардын темасы болушу мүмкүн.

Ак үйдүн интеренет сайтында Сноуденди кечирүүгө чакырган петицияга экинчи күнү эртең мененкиге чейин 40 000 адам электрондук колун койду.

Чуулгандуу "Викиликс" сайтынын негиздөөчүсү Жулиан Ассанж Сноуден менен байланышта экенин айтты:

- Мен аны менен түз эмес, бирок байланыштамын. Азыр толугураак маалымат берүү туура эмес деп ойлойм.

Сноуден өзү видеоинтервьюда интернет эркиндиги жогору бааланган Исландиядан саясий башпаанек алам деген үмүтүн айтты. Бирок Исландиянын Бээжиндеги элчиси саясий башпаанекти ким сураса, ал Исландияда болушу керек экенин эскертти. Ошондуктан Сноуден Гонконгдо жүрүп, Исландиядан башпаанек ала албайт.

Орусия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков болсо «Коммерсант» гезитине "Сноуден Орусиядан башпаанек сураса, бул суроо каралышы мүмкүндүгүн" билдирди.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG