Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:22

АКШда бүгүн Хиллари Клинтон мамлекеттик катчы катары кызматын аяктоодо. Клинтондун АКШ дипломатиясын башкарган мезгилдеги иши жогору бааланып, ал жакшы мурас калтырганы айтылып жатат. Бирок талдоочулар Клинтондун тушунда эл аралык проблемаларда олуттуу жылыш болбогондугун да белгилешет.

АКШнын 67-мамлекеттик катчысы төрт жыл аралыгында дүйнөнүн 112 өлкөсүндө, анын ичинде Кыргызстанда да болуптур.

Хиллари Клинтон өзү кечээ Тышкы байланыштар боюнча Вашингтондогу кеңеште ишинин жыйынтыгын чыгарып жатып, буларды айтты:

- Акыркы төрт жылда көп нерсе өзгөрдү. Президент Барак Обаманын жетекчилиги астында биз Ирактагы согушту аяктадык, Ооганстанда өткөөл жараянга кириштик. Усама бин Ладенди жазаладык. АКШ дипломатиясын жаңылап, өнөктөштөрүбүздү чыңдадык. Биздин экономикабыздын кайра жандануусу аягына чыга элек, бирок биз туура багытта кетүүдөбүз. Бир сөз менен айтканда, АКШ бүгүн үйүндө кубаттуу, дүйнөдө көбүрөөк сый-урматка ээ. Биздин глобалдык лидерлигибиздин негизи көптөр болжолдогондон бекем.

Хиллари Клинтон кошумчалагандай, ал Мамлекеттик департаменттин башчылыгына келген 2009-жылдын тарта Кошмо Штаттар дипломатияда “21-кылымдын аспаптары” деген саясатты ишке ашырууга киришкен.

Анын маңызы - кубаты жаңыдан артып келаткан өлкөлөр менен бирге катардагы жарандар менен байланыш түзүп, аларга жетүүдө жаңы технологияларын колдонуу.

Кызмат мөөнөтү аяктаган мамлекеттик катчы белгилегендей, ири державалардан Кытай менен Орусия да азыр ич ара катуу чырмалашып калган дүйнөдө өзүлөрүнүн маалыматтык-пропагандалык стратегиясын ыкчам турмушка ашырып жатат.

Клинтон Мамлекеттик катчы катары Бишкеке да келген. 2-ноябрь, 2012-жыл.

Клинтон Мамлекеттик катчы катары Бишкеке да келген. 2-ноябрь, 2012-жыл.

Клинтон ырастагандай, Кошмо Штаттар дүйнөнүн “алмаштырылгыс державасы” бойдон калат. Бирок глобалдык бийликтеги жаңы реалдуулукка жана таасирге ылайыкташуусу абзел:

- Биз бийлигибизди кантип колдонуу жагынан акылдуу болушубуз абзел. Бул кубатыбыз тайганынан улам эмес, дүйнө өзгөргөнүнө байланыштуу бийлик рычагдарын эл аралык иштерде азыр да эффективдүү колдонсо болот. Чынында биздин армиянын кубаты, экономикабыздын көлөмү, биздин дипломатиянын таасири, адамдарыбыздын чыгармачыл жигери эч ким ашып өткүс.

Тышкы саясаттын алдыдагы, төрт жылдагы милдет-максаттары тууралуу кызмат мөөнөтү аяктаган мамлекеттик катчы АКШнын Азиядагы турумун чыңдоону, Ооганстандагы согушту аяктоону, Жакынкы Чыгыштагы өзгөрүүлөрдү багыттоону, экономикада карым-катнашты кеңейтүүнү атады.

Клинтондун пикиринде, АКШ алдыда климаттын өзгөрүүсүнө жооп берүүдө да лидерлигин көрсөтүп, адам укуктарын коргоо боюнча дүйнөгө буга чейин калтырган мурасын бекемдөөсү зарыл.

Дүйнөдө аялдардын тең укуктуулугуна жетүүнү Клинтон “21-кылымдын бүтө элек иши” деп атады.

Жетишкендик бар, бурулуш жок

Бир катар баяндамачылардын пикиринде, АКШнын 67-мамлекеттик катчысы өз кызматын жогорку рейтинг менен аяктоодо.

Жакында CBS телеканалына чогуу берген интервьюсунда президент Барак Обама “Клинтон эң мыкты мамлекеттик катчылардын бири катары тарыхка кирерин” айтты. Бирок талдоочулар артта калган төрт жыл ичинде Клинтондун өз ысымы менен байланышкан ири жетишкендик, эл аралык проблемаларда олуттуу бурулуш болбогондугун да белгилешет.

Вашингтондогу Брукингс институтунун тышкы саясат боюнча эксперти Майкл О”Хэнлон:

- Эгер сиз тарыхый адам болбосоңуз эле бул улуу иш жасай албайсыз дегенди билдирбейт. Бул шарт-жагдайга жараша болушу мүмкүн. Кээде адамдар тарыхый деген атка жакшы эмес, жаман жагынан деле илинип калышат. Мисалы, Въетнам согушу учурундагы мамлекеттик катчылар менен коргоо министрлерин карап көрсөңүз болот. Ал эми Клинтон тушунда ал бир фундаменталдык өзгөрүү киргизди, биз азыр түп-тамырынан бери башка абалда турабыз деп жеңил айткыдай маселе болгон жок.

Жон Керри

Жон Керри

Майкл О”Хэнлон Клинтондун өз доктринасы болбогонун жөөт-палестин чатагы, Түндүк Корея менен тиреш өңдүү негизги эл аралык проблемалардын табиятына байланыштырат. Талдоочунун көз карашында, ал балким эсте каларлык салымды Азияда жасады.

Бирма өлкөсү менен дипломатиялык мамилени калыбына келтирди, эл аралык форумдарда Кытай менен атаандаштыкты кармап турду. Ошондой эле Обама администрациясынын Азияга жүз бурушу менен АКШга жаңы урматтоо жаралышын жетектеди.

Клинтондон мамлекеттик катчылыкты сенатор Жон Керри өткөрүп алууда. Ал кызматына расмий түрдө 4-февралда кирешет.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG