Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:13

Керри: Сирияда жаңы өкмөтсүз тынчтык орнобойт


АКШ мамткачысы Жон Керри Араб Лигасынын жана БУУнун чабарманы Лахдар Брахими менен. Лондон, 14-октябрь, 2013.

АКШ мамткачысы Жон Керри Араб Лигасынын жана БУУнун чабарманы Лахдар Брахими менен. Лондон, 14-октябрь, 2013.

Жарандык согуш жүрүп жаткан Сирияда каршылашкан тараптарды сүйлөштүрүү боюнча аракеттер кайра жанданды.

Бирок тынчтык конференциясын тезинен өткөрүүгө чакырган АКШ Мамлекеттик катчысы белгилегендей, президент Асаддын режимин алмаштыруучу өткөөл өкмөтсүз Сирияда тынчтык орношу мүмкүн эмес.

АКШ Мамлекеттик катчысы Жон Керри жогорудагыдай билдирүүнү Лондондо Улуттар уюму жана Араб Лигасынынын Сирия боюнча атайын чабарманы Лахдар Брахими менен кездешкен соң жасады:

- АКШ Сирия президенти Башар Асад адамдардын башын бириктирүүчү күч болгудай легитимдүүлүктү жоготту деген ишенимде. Бул Женева -1 конференциясын өткөрүүдө эле түшүнүктүү болгон. Эми Женева -2 конференциясынын жалгыз максаты да ушул. Тынчтык орногудай мүмкүнчүлүк жаратуу үчүн Сирияда өткөөл өкмөт, жаңы башкаруучу орган куралуусу абзел.

Ал эми Араб Лигасы жана Улуттар уюмунун чабарманы Лахдар Брахиминин айтымында, ал Жакынкы Чыгышка ушул апта ичи барып, конференциянын мөөнөтүн тактоо аракетинде кызыкдар тараптардын баары менен сүйлөшмөкчү:

- Биз 100 пайызга макулбуз. Сириянын маселеси аскерий жол менен чечилбейт. Эгер баары биригип, иштешсе саясий чечим болушу мүмкүн. Биз эң жакынкы убактарда конференциянын мөөнөтүн аныктоого аракеттенебиз жана анда сириялыктарга алардын проблемасын жөнгө салууда жардам бергиси келгендердин баарын көргүбүз келет. Албетте, конференцияда борбордук орунду сириялыктардын өздөрү ээлеши керек. Анткени, сүйлөшүү алардын ортосунда болот.

Бул аралыкта Орусия тышкы иштер министри Сергей Лавров Сирия оппозициясы тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышуусу үчүн аларга АКШ кысым көргөзүүсү керектигин айтып чыкты. Лавров кошумчалагандай, конференцияны уюштурууда Батыш өлкөлөрү иштин аларга караштуу бөлүгүн аткарышы абзел.

Женева-2 деп аталган тынчтык конференциясын өткөрүү алгач май айында эле сунуш кылынганы менен улам артка жылдырылып, эми ноябрдын орто ченинде өтүшү күтүлүүдө.

Сирия оппозициясынын башын бириктирген улуттук коалициянын эң ири мүчөсү Сирия Улуттук кеңешинин өкүлү Халид Салех Стамбулдан Рейтердин кабарчысына буларды билдирди:

- Бизде конкреттүү бир шартыбыз бар. Биз Женева тынчтык конференциясы трансформация жана демократияга өтүү жөнүндө болушун каалайбыз. Демократияга деген көптөгөн адамдардын өлүмү үчүн жоопкер Асаддын режимине, Асаддын өзүнө Сириянын келечегинде орун жок дегенди туюндурат.

Расмий Дамаск оппозициянын буга окшогон шарттарын буга чейин кабыл албай келген. Сирия оппозициясы сүйлөшүү столуна эч шартсыз олтуруусу керектигин Асаддын өнөктөшү Орусия да айтып жүрөт.

Эки жарым жылга аяк басып калган Сирия жаңжалы 115 миңдей кишинин өмүрүн жалмады.

Дамасктын борборундагы жарылуудан кийин. 13-октябрь, 2013-жыл.

Дамасктын борборундагы жарылуудан кийин. 13-октябрь, 2013-жыл.

АКШ августтагы химиялык газ чабуулу үчүн аскерий чара менен коркутканда Сирия бийлиги химиялык куралын эл аралык көзөмөлгө берүүгө өткөн айда макул болгон.

Ушул дүйшөмбүдөн тарта Дамаск Улуттар уюмунун химиялык куралга тыюу салган конвенциясына расмий кошулду.

Химиялык куралга тыюу салуу боюнча уюмдун алтымыштай эксперти учурда мындай куралдардын корунун жок кылынышын текшерип жүрүшөт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG