Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:28

Айтматовдун жаңы чыгармасы табылды


Чыңгыз Айтматов
Чыңгыз Айтматов

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Флейта и земля” (“Чоор жана жер”) деп аталган, болгар тилинде жарык көргөн чыгармасы табылды. Ал орус тилинде жазылып, бирок буга чейин орус тилинде да, кыргыз тилинде да жарык көргөн эмес. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынан билдиришти.

“Флейта и земля” чыгармасынын үзүндүлөрү Болгариянын “Пламък” (1973-ж.), “Литературный фронт” (1974-ж.) аттуу журналдарында жана болгар тилинде жарык көргөн чыгармалар жыйнагынын 2-томунда басылып чыккан. Аны топтогон академик, айтматов таануучу Абдылдажан Акматалиев чыгарманын тагдыры тууралуу мындай деди:

- Жазуучу өзүнүн макалаларында, маектеринде, же сүйлөгөн сөздөрүндө бул чыгармасы жөнүндө бир да жолу эскерген эмес. Чыгарма орус тилинен болгар тилине которулган. Болгар окурмандары 40 жылдан бери Ч.Айтматовдун бул чыгармасына күбө болуп келет, а биздин колубузга ушу күнгө чейин жете элек. Анын үстүнө бул факт “Флейта и земля” чыгармасын Айтматов жазган эмес деген кээ бир ишенбөөчүлөрдүн ойлорун жокко чыгарды. Чыгарма Чоң Чүй каналынын курулушуна байланыштуу окуяларды камтыйт. Мен бул чыгарманын болгар тилинде жарык көргөнүн үч жылдай издеп, акыры Болгариядан таап, алдырттым.

Акматалиев мындан сырткары аталган чыгарманын башкы каарманы Бейше Асакеевдин Улуу Ата мекендик согуш учурунда Сталинградда баатырларча курман болгондугун да тактаган.

“Элдик маданият” сериясында чыккан Чыңгыз Айтматовдун бул жыйнагына: “Кош Гүлсарат”, “Бетме-бет”, “Ботогөз булак”, “Эрте келген турналар”, “Чоор жана жер” повесттери жана “Атадан калган туяк” деген аңгемеси кирген.(ZA)

XS
SM
MD
LG