Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:07

Германия Стамбулдагы эскерүү концертин өткөргөн жок


Стамбулдагы немис консулдугунда Осмон империясы маалында армяндардын жапырт кыргыны жана депортациясын эскерген концерт өтпөй калды. Мындай чечимди Германиянын Тышкы иштер министрлиги кабыл алып, Түркиянын басымына алдырды деген сындарга кабылды.

Мекеме 13-ноябрга белгиленген концерт болбой турганын, ал учурда консулдуктун залы бошобой калары тууралуу Дрезден симфониялык оркестрине кабар берилгенин маалымдады. Оркестр концертке чакыруу кагазын Түрк бийлигине да жиберген. Экинчи дүйнөлүк согуш учурундагы окуяларды бир катар мамлекеттер "геноцид" деп эсептешет. Анкара муну менен макул эмес.

XS
SM
MD
LG