Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:10

АКШ 11-СЕНТЯБРЬ АЛАМААТЫН ЭСКЕРДИ


Амирбек Усманов, Прага Жети жыл мурда 11-сентябрда чете-жанкечтилер Кошмо Штаттарга төрт учактан чабуул коюп, өлкөнү кара кийгизген. Чете-террорчулар «ал-Каиданын» машыгуусунан өткөн деген маалыматтар бар. Америка жериндеги эң кандуу эсептелген чабуул үч миңге жакын адамдын өмүрүн жалмаган. Алардын ичинде 100гө жакын өлкөнүн жарандары бар. Бейшемби күнү алаамат окуянын курмандыктарын эскерүү аземи Нью-Йоркто, Вашингтондо жана Пенсильвания штатында өткөрүлдү. Буга байланыштуу АКШ президенттигине талапкерлер бейшемби күнү үгүт өнөктүгүн өткөрүшкөн жок.

Нью-Йорктогу Дүйнөлүк Соода борборунун ордунда өткөн маркумдарды эскерүү аземи жаштар АКШнын улуттук гимнин аткаргандан кийин башталды. Жөрөлгөнү шаар башчы Майкл Блумберг ачты:

- Бүгүн жан дүйнөбүздү бөксөрткөн алааматка жети жыл болду. Бул күн, баарыбызды баш коштурган жана баарыбызга орток трагедия жүрөгүбүздөн өчпөйт, тарыхта түбөлүк жашайт.

Жети жыл мурда Нью-Йорк убактысы боюнча 8 саат 46 мүнөттө чете-жанкечти айдаган биринчи учак Дүйнөлүк Соода борборунун эгиз имаратынын бирин келип сүзгөн. Блумберг дал ошол убакта чогулган элди аза күтүүгө чакырды:

-Ушу саамда, келиңиздер барыбыз чогуу, бардык Нью-Йорктуктар, үн чыгарбай эскерели.

2001-жылдын 11-сентябрында курман болгон Нью-Йорктуктардын ысмын маркумдардын жакындары алфавит боюнча бирден окуп беришти: “Anna Alison. Jeanette M.Alonzo.Antony Alovardo. Antonio Javier Alvarez…”

Дүйнөлүк Соода борборуна жасалган чабуулдан бардыгы 2751 адам өлгөн.

Вашингтондо да сентябрь кыйрканынын курмандыктары эскерилди. Ак Үйдүн алдындагы көк майданда өткөн аземге АКШ президенти жана вице-президенти зайыптары менен, Конгресстин лидерлери, чет элдик дипломаттар, президент сарайынын кызматкерлери жана аскерлер катышты.

Ак Үйдөгү тажиядан соң президент Жорж Буш жана вице-президент Дик Чейни Пентагондо ачылган эскерүү багынын ачылышына барышты.Четелер үчүнчү учак менен Коргоо министрлигин сүздүргөндө 184 киши апаат болгон.

Президент Буш салтанатта сүйлөп, сентябрь алааматынан кийин АКШ терроризмге каршы согуш баштаганын, терроризм менен күрөшүү үчүн америкалык аскерлер Ооганстанга жана Иранга жөнөтүлгөнүн белгиледи:

- 11-сентябрдан кийин террорчулар менен мекенибизде согушпас үчүн биздин аскерлер чет өлкөгө урушка аттанды. Эр жүрөк эркектер менен аялдардын, биздин коопсуздугубузду камсыздаган бардык адамдардын каармандыгынын натыйжасында 2557 күндөн бери биздин жерибизде башка террордук чабуул болгон жок.

Пенсилванияда да төртүнчү учак кулаган жайда террчулуктун курмандыгы болгон 40 адамды эскерүү аземи өттү.

Бул күнү АКШ президенттигине талапкерлер Жон МакКейн жана Барак Обама үгүт өнөктүгүн өткөрүшкөн жок. Алар Нью-Йоркто болгон тажияга катышты.

XS
SM
MD
LG