Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:36

11-сентябрь жаңырыгы


Бүгүн АКШда болгон ири террордук чабуулга сегиз жыл толду. 2001-жылы 11-сентябрда Нью-Йоркто болгон каргашалуу окуялар үч миңдей адамдын өмүрүн алып кеткен.

АКШда жылдагыдай эле быйыл да бейжазык курман болгон адамдардын арбайын эскерүү иш чаралары өтөт, шейит кеткендердин тизмеси окулат, желектер түшүрүлөт, азалуу жыйындар өткөрүлөт.

Кыргызстандын башкы аба майданы “Манаста” жайгашкан АКШнын Транзиттик борборунда 11-сентябрдагы кайгылуу окуялардын курмандыктарын эскерүү иш чарасына Президент Курманбек Бакиев барып катышары күн мурун айтылган.

2001-жылы АКШга жасалган террордук чабуулдардан кийин кыргыз бийлиги АКШ баш болгон антитеррордук коалициянын аскер базасын “Манас” аба майданында жайгаштырууга уруксат берген.

АКШнын аскерий базасын киргизүүнүн негизги максаты Ооганстандагы антитеррордук операцияларга колдоо көрсөтүү болгон. Андан бери келишим эки жолу өзгөртүлүп, соңунда аскердик база Транзиттик борбор деген статуска ээ болду.

Айрым талдоочулардын баамында, 11-сентябрь коогалаңынан кийин АКШнын коопсуздукту камсыз кылуу жана кызматташуу боюнча Борбор Азия чөлкөмүнө карата көз карашы кескин өзгөрдү. Буга чейин АКШ баш болгон чоң держава өлкөлөр Кыргызстан сыяктуу мамлекеттерге үстүртөн карап келсе, эми өнөктөш катары мамиле жасашууда.

- Америкалыктар дүйнө жүзүн өзүбүз билгендей башкарабыз деп жүрдү эле. 11-сентябрь алардын күчтүүлүгүнүн кемчилигин көрсөттү. Булар өздөрү жалгыз террорчулук менен күрөшө албай калышты. Ошол түшүнүк эми келе баштады. Ошол эле Орусия, Кытай, АКШ бири бирине таянып иш жасашы керек деп эсептейм,- деп айткан эле “Азаттыкка” Коопсуздук кызматынын мурунку катчысы , саясий ишмер Мирослав Ниязов.

2001-жылдын 11-сентябрында эртең менен Америкада төрт ири террор аракети даярдалган, алардын үчөө ишке ашкан жана бардыгы болуп 75 өлкөнүн үч миңге жакын жараны курман болгон. Нью-Йорк шаарындагы Эл аралык соода борборунун эки мунара-имаратынын бирине эртең мененки саат сегизден 46 мүнөт өткөндө террорчулар ала качкан бир учак келип тийген, андан 20 мүнөт өткөндөн кийин экинчи имаратты дагы башка бир учак келип сүзгөн.

Натыйжада эки имарат тең кулап түшүп, эки миң жети жүздөн ашык адам набыт кеткен. Ошол эле күнү ала качылган башка бир учак Пентагондун имаратын сүзгөндөн дагы 179 адам курман болгон. Террорчулар дагы бир учакты ала качкан, бирок анын ичинде отурган жүргүнчүлөр аларга каршылык көрсөткөндүктөн, учак Пенсильвания штатында жерге кулап түшкөн, анын ичиндеги 40 жүргүнчү жана учкучтардын баары өлгөн.

Соода борборунун имараттары күйүп жатканда, анын ичиндегилерди куткаруу үчүн жардамга өрт өчүрүүчүлөр келген жана имараттар кулап түшкөндө, алар дагы курман болгон, бардыгы болуп урандылардын алдында 343 өрт өчүрүүчү өлгөн.


Террордук каргашанын сегиз жылдыгын эскерүү
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:34 0:00

XS
SM
MD
LG