Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:42

АКШ он жыл мурдагы алааматты эскерүүдө


Президент Барак Обама, биринчи леди Мишель Обама жана мурдагы президент Жорж Буш он жыл мурдагы терракт болгон жерде 11-сентябрь курмандыктарын эскерүүдө. Нью-Йорк, 2011-жылдын 11-сентябры.
Президент Барак Обама, биринчи леди Мишель Обама жана мурдагы президент Жорж Буш он жыл мурдагы терракт болгон жерде 11-сентябрь курмандыктарын эскерүүдө. Нью-Йорк, 2011-жылдын 11-сентябры.

Америка Кошмо штаттарында мындан туура он жыл мурдагы террордук чабуулдун курмандыктарын эскерүү жөрөлгөлөрү өтүүдө.

Бүгүн президент Барак Обама 2001-жылдын 11-сентябрындагы уурдалган учактар менен чабуулдардын курмандыктарын эскерүүгө катышты. Видео-билдирүүсүндө Обама ал чабуулдардан кийин АКШ кайра күчтөнгөнүн ырастады:

Он жыл мурдагы террордук чабуул.
- Бүгүн Америка мурдагыдан күчтүү, ал эми “ал-Каида” жеңилүүнүн жолунда. Биз “ал-Каида” менен буга чейин болуп көрбөгөн каармандык менен күрөштүк. Акыркы эки жарым жылда 2001-жылдын 11-сентябрынан беркиден көп санда ал-Каиданын жол башчылары жок кылынды. Биздин күчтөрдүн даңалазуу баатырдыгы жана жаңылбас тактыгы аркылуу биз акыры Осама бин Ладенди да жок кылдык.

Чабуулдун мезгилинде Иллинойс штатынын акими болуп иштеген Барак Обама америкалыктарды чабуулдан кийин туу чокусуна жетип, бирок кийинки мезгилде солгундап кеткен улуттук биримдикти бекемдөөгө чакырды. Бүгүн кечинде президент Кеннеди борборундагы эскерүү концертинде болмокчу. Ага чейин жубайы Мишел Обаманын коштоосунда уурдалган учактар кулаган Вашингтондо, Нью-Йоркто, Пенсилвания штаттарын кыдырууда.

Кечээ Обама Вашингтондун жанындагы Арлингтон Улуттук көрүстөнүнө кирип, Ирак менен Ооганстанда каза тапкан америкалык аскерлерди эскерген. Бул эки согуштар Обамага мурдагы мамлекет башчысынан «мураска» калды, бирок экөөнөн тең Кошмо Штаттары азыр акырындап четке чыгып жатат.

Кечээ Обама ошондой эле убактылуу орнотулган ашканаларда үйсүздөргө шорпо таркатты жана башка мекендештерин да бир күнүн соопчулукка арноого чакырды.

Бул күнү мамкатчы Хиллари Клинтон 11-сентябрга байланыштуу бир катар билдирүүлөрдү жасады. Анын ичинде мусулман өлкөлөрүндө терроризм коркунучун алдын алуу үчүн медреселердин ишин көзөмөлдөө зарылдыгына токтолду:

- Зордукчулукту үйрөткөн, террорчуларды аскерге алган, жек көрүүчүлүккө окуткан китептерди таркаткан медреселерди каржылоо экстремизмдин гана күч алышына алып келет. Бакчаңызга отоо чөп сепсеңиз, ал чөп гүлдү муунтуп жок кылса, таң калбаңыз. Мындай нерселер тетири жыйынтык берет жана акыры каржылоочулардын өздөрү эле утулат.

Дүйнөлүк Соода борборунун эгиз имараттары террордук чабуулга чейин, Нью-Йорк, 1990
11-сентябрдын 10 жылдыгы алдында жаңы террордук чабуул коркунучуна байланыштуу Нью-Йоркто жана Вашингтондо коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Мамдепартаменттин Ички Коопсуздук департаменти «конкреттүү, ишенимдүү, бирок такталбаган коркунуч» боюнча маалымат бар экендигин эскертти.
Ал эми вице-президент Йозеф Байден жана башка расмий өкүлдөр террорчулук көпүрөлөрдү же туннелдерди бутага алышы мүмкүн экендигин белгилешти.

Мындан туура он жыл мурда, 2001-жылдын 11-сентябрында Кошмо Штаттарда болгон террордук чабуулдарда 3 миңге жакын адам курман болгон. Каргашалуу күнү жанкечтилер башкарган жүргүнчүлүү учактар Нью-Йорктогу Дүйнөлүк Соода борборунун "Эгиз мунара" имаратын сүзүп, кыйраткан. Дагы бир учак АКШнын коргоо министрлигинин Вашингтондогу баш кеңсеси жайгашкан имаратты барып сүзгөн. Башка бир учак Пенсилванияда кулаган.

Бул күндөрү АКШнын өзүндө тынч болгону менен алыскы Ооганстанда талип жанкечтинин кол салуусунан 50 америкалык аскер жараат алды. Кечээки чабуулда дагы 48 киши жарадар болуп, экөө набыт кеткендиги кабарланууда.

Тасмада: он жыл мурдагы террордук чабуул.

9/11 Ааламды титиреткен алаамат
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:05 0:00
Түз линк

XS
SM
MD
LG