Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:04

ACT Airlines: апааттын зыяны төлөнөт


Кырсык.
Кырсык.

Чүйдө ондогон адамдын өмүрүн кыйган апаат үчүн ACT Airlines ишканасы камсыздандаруу компаниясы аркылуу толугу менен кенемте төлөп берет. Бул тууралуу авиакомпания билдирүү таратты.

Анда айтылгандай, алдын ала маалыматтарга ылайык, кырсыкка техникалык мүчүлүштүк же жүккө байланыштуу жагдайлар себеп болушу ыктымал. Бирок ал иликтөөнүн жүрүшүндө аныкталат жана коомчулукка маалымдалат.

Гонконгдон учакка жүк салуу жана абага көтөрүлүү учуру пландалгандай эле жүргөнү, учуп баратканда да кемчилик байкалбаганы жана Бишкектен май куюу үчүн пландагыдай эле конууга аракет кылганы билдирүүдө айтылат.

Экипаж каттамды аткаруудан мурда Гонконгдо 69 саат эс алган. Андан соң Бишкекке чейин алты саат кынтыксыз учкан.

Кыйраган учак «Боинг 747-400» үлгүсүндө 2003-жылы чыгарылган. 116 тоннадан ашуун жүк көтөрүүгө ылайыкталган. 2015-жылдын 10-декабрында ACT Airlines компаниясына өткөн. Техникалык көзөмөл убагында жүргөн. Учкучтар да кесипкөй адистер болушкан. Командир Ибрагим Гүржан Диранжи жана экинчи учкуч Казым Өндүл көп жыл аскерий учкучтар болуп эмгектенишкен.

16-январда Гонконг-Стамбул багытында бараткан жүк учагы май куюу үчүн “Манас” аэропортуна конууга аракет кылганда Дача айылына кулап түшкөн. Авиакырсыктан кырк чамалуу адам набыт болду. Алардын төртөө экипаж мүчөлөрү, калганы айыл тургундары. Кырсык таңга жуук 7:20ларда болгон. (SE)

XS
SM
MD
LG