Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:45

Президенттикке үмүткөр Трамп сынга кабылды


Дональд Трамп Түштүк Каролинада сүйлөгөн кези. 7-декабрь, 2015 -жыл.
Дональд Трамп Түштүк Каролинада сүйлөгөн кези. 7-декабрь, 2015 -жыл.

АКШда Республикалык партиядан президенттикке үмүткөр миллиардер Дональд Трамп анын дарегине айтылып жаткан сындарга байланыштуу жарыштан чыкпай турганын билдирди. Саясатчы мусулмандар боюнча айткандарынан улам АКШнын өзүндө эле эмес, четте да сынга кабылган эле.

Курулуш тармагынан чыккан миллиардер жана президенттикке үмүткөр Дональд Трамп өзү талаштуу ойлорду көп айткан саясатчы. Президенттик жарышка чыккандан бери анын сөзүнөн жаңылуусу саясий келечегине балта чапты деген учурлар бир нече жолду кездешти. Бирок аларга карабай Трамп коомдук пикирди сурамжылоодо Республикалык партиянын үмүткөрлөр арасынан азыр да көч башында турат.

Саясатчынын айыптоо жана талкуу жараткан соңку сөзү мусулмандарга байланыштуу болду. 7-декабрда Түштүк Каролинада Трамп мусулмандардын АКШга кирүүсүнө “толук” тыюу салып турууга чакырды. Ал бул сөздү Калифорниянын Сан-Бернардино шаарчасында мусулман жубайлардын кол салуусунан 14 адам өлүп, 20дан ашууну жаракат алгандан кийин айткан эле.

“Биздин өлкө жалгыз эле жихадга ишенген адамдардын үрөй учурган кол салууларынын курмандыгы боло албайт” деген Трамп АКШга мусулмандардын келишин тыюу салууну ошол чабуулдун чыныгы себептери аныкталмайынча күчүндө калтырууну сунуш кылган.

Демократ президент отурган Ак үй саясатчынын чакырыгын АКШнын “баалуулуктарына таптакыр каршы келген, аны президент болуудан жыдыта турган көрүнүш" катары мүнөздөдү. Ал эми демократтардын президенттик шайлоого катышууга ниеттенген мурдагы мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон:

Хилари Клинтон
Хилари Клинтон

​- Бул уят кылган да, коркунучтуу да идея. Америка “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөш жүргүзүп, аларды жана башка радикал жихадчыларды жеңүүгө аракеттенип жаткан кезде Дональд Трамп алардын пайдасына ойноодо,- деп билдирди.

Трамптын сөздөрүн Демократиялык партиянын Клинтон сыяктуу саясатчылар эле эмес, анын өз партиялаштары сенатор Линдсей Грем, президенттикке үмүткөрлөрдөн мурдагы губернатор Жэбб Буш, сенатор Марко Рубио да сындап чыгышты. Марко Рубио партиялашынын чакырыгын “көйрөң жана жөөлүгөн” кеп деп атады.

Республикачылардан президенттикке үмүткөрлөрдүн дагы бири, сенатор Тед Круз Трамптын сунушу тууралуу мындай деди:

- Мен буга макул эмесмин. Мага Дональд Трамп жагат. Тегерегимдегилердин көбү мени Трампты сындап, ага чабуул коюуга түртүп жатышат. Мен буга кызыкдар эмесмин. Бирок мен биз радикал исламчылардан келген тикелей коркунучка көңүл бурган планга муктажбыз деп эсептейм.

Ушул шаршемби күнү Нью-Йорк шаарынын мэриясында Дональд Трамптын айткандарын айыптаган митинг өтүп, ал жерге мусулман жана жөөт диниятчылары да келди.

Полиция кызматкери Дональд Трампты нацисттерге окшоштурган сүрөттү сыйрып жатат. Атланта, 9-декабрь, 2015-жыл.
Полиция кызматкери Дональд Трампты нацисттерге окшоштурган сүрөттү сыйрып жатат. Атланта, 9-декабрь, 2015-жыл.

Жөөт жамааттарынын Байланыш кеңеши деген уюмдун өкүлү, равин Боб Каплан төмөнкүлөргө токтолду:

- Бул кабыл алынгыс. Мындайды Америкада кимдир бирөөлөрдүн айтышы кечиримсиз. Америка диний, ой-пикир билдирүү, байланыш эркиндиктерине негизделген. Ушул нерселер бизди америкалык кылып турат. Эгер кимдир бирөөнүн өз ишеними болсо, ал мусулман болсо, анын биздин өлкөгө, биздин демократияга келүүсүнө тыюу салынышы такыр кабыл алынгыс.

Британияга жана Израилге киргизбөө

Трамптын дарегине сындар АКШнын өзүнөн эле эмес, четтен да айтылды. Британияда атүгүл активисттер америкалык бул саясатчынын Британияга келүүсүнө тыюу салуу талабы менен 250 миңге жакын кол топтоп жиберишти.

Дональд Траптын келүүсүнө тыюу салынышы керек деген чакырыктар Израилден да чыкты эле, бирок саясатчы бул өлкөгө 28-декабрга мерчемделген сапарын токтотконун бейшемби күнү өзү жарыялап, муну Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну оңтойсуз абалда калтырбоо зарылдыгы менен түшүндүрдү.

Трамп Израилге келечекте президент катары келерин белгиледи.

Трамп Республикалык партиянын президенттикке үмүткөрлөрдүн эң белгилүүсү.
Трамп Республикалык партиянын президенттикке үмүткөрлөрдүн эң белгилүүсү.

Трамп кезинде жөөттөр боюнча да талаштуу сөздөрдү айткандыктан Израил парламентинин кыркка жакын депутаты, анын ичинде башкаруучу коалициянын эки мүчөсү премьерди америкалык бул саясатчы менен жолугушуудан баш тартууга үндөшкөн.

АКШдагы президенттик шайлоо өнөктүгү расмий түрдө келерки жылдын январь айынан тарта башталат.

Gallap иликтөө уюмунун жыйынтыгы 10-декабрда жарыяланган сурамжылоого караганда, президенттикке талапкер болууну көздөгөн 11 саясатчы арасынан шайлоочулар арасынан эң таанымалы - республикачылардан Дональд Трамп жана демократтардан Хиллари Клинтон.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG