Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:33

Украина боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрдүн натыйжа бербей, ок атышууну токтотуу келишиминин аткарылбай жатышы жана Орусиянын жикчилдерге жардамды күчөтүшү Вашингтондо Кошмо Штаттар да Украинага согуштук курал берүүсү керекпи деген талкууларды жандандырды.

2-февралда АКШда эки иликтөө уюму: Атлантика кеңеши жана Брукингс институту Вашингтон администрациясын Украинага 3 миллиард долларга аскерий жана аскерий эмес жардам көргөзүүгө үндөгөн баяндамасын жарыялашты.

Баяндама авторлорунун арасында, администрациянын мурдагы сегиз өкүлү, анын ичинде мамлекеттик катчынын орун басары Строб Тэлбот, НАТО күчтөрүнүн мурдагы колбашчысы Жеймс Ставридис, Кошмо Штаттардын Украинадагы мурдагы эки элчиси да бар.

“Украинанын көз карандысыздыгын сактоодо, Орусиянын агрессиясына каршы турууда АКШ жана НАТО эмне кылуусу керек?" деген баяндаманын авторлору Киевге согуштук куралдан танк менен брондуу автоунааларга сокку уруучу жеңил ракеталарды, ал эми адам өлтүрбөй турган аскерий жабдуулардан жикчилдердин ракеталык системасын нейтралдаштыруучу радарларды, абадан чалгын жүргүзүүчү аппараттарды, көчмө аскерий госпиталдарды, байланыш каражаттарын берүүнү сунуш кылышкан.

Алар бул сунушун Орусия Украинадагы жикчилдерге оор техникаларды, анын ичинде Т-80, Т-72 танкттарын, ракета атуучу “Град” системаларын, замбиректерди, брондуу автоунааларды берип жатканы менен негиздешкен.

Доклад авторлорунун эсебинде, украин армиясынын жоготууларынын 70% артиллериялык, ракеталык жана минометтук атууларга туура келүүдө.

Президент Барак Обама жекшемби күнү СNN телеканалы менен маегинде Украинага аскерий жактан колдоо көргөзүлбөгөнүнүн себебин ал НАТОнун мүчөсү эместиги менен түшүндүрдү:

- Орусиянын аскерий мүмкүнчүлүгүндөгү айырмачылыкты жана Украина НАТОнун мүчөсү эместигин эске алганда биз аскерий жактан эмне жасай аларыбыздын чеги бар. Менимче, Кошмо Штаттар үчүн же дүйнө Орусия менен АКШ ортосундагы чыныгы аскерий конфликтти көрүшү максатка ылайыктуу эмес. Биздин жасап жатканыбыз - НАТОго мүчө чектеш (Орусия менен) өлкөлөрдү чыңдоо. Муну менен биз ал чекти эч ким кесип өтпөшү керектигин, себеби, НАТО келишиминин 5-беренесине ылайык, союздаштарыбызды коргоо үчүн аскерий чара көрөрүбүздү ачык айтуудабыз.

Обама Орусияны жикчилдерди колдоодон баш тарттыруу үчүн АКШ дипломатиялык жана экономикалык кысым көргөзүп жатканын кошумчалады.

АКШ жана Батыш өлкөлөрү Украинага буга чейин согуштук эмес жардам берип келгени белгилүү. Маселен, кечээ Канада өлкөсүнөн Киевге 70 миң жуп аскерий өтүк, 50 миң даана кышкы аскерий форма келди.

Эми курал жагынан да жардам берүү керек деген чакырыктар украин өкмөтүнүн акыркы апталардагы аскерий жоготуулары жана чегинүүлөрү 2014-жылдын сентябрында жетишилген ок атышууну токтотуу келишими иштебей калганын далилдеген учурда айтылууда.

НАТОнун эсебинде, Орусия колдогон жикчилдер акыркы 16 апта ичинде 500 чарчы чакырым жерди, анын ичинде Донецктин кыйла убакыт талашка түшкөн аэропортун ээлей алды. Жикчилдердин лидерлери 2-февралда армияга дагы 100 миңдей кишини чакырышарын жарыялады.

Бирок немис канцлери Ангела Меркел кечээ Будапеште болгон учурунда анын өлкөсү Украинага курал бербесин бышыктады:

- Германия Украинаны курал менен колдобойт. Менин бекем ишенимимде, бул жаңжал аскерий жол менен чечилбейт. Биз зарыл болсо санкцияларды киргизебиз. Муну Европа менен чогуу жасадык. Экинчи жагынан бул жаңжалды сүйлөшүү жолу менен чечүү, жок дегенде басаңдатуу үчүн мүмкүн болгон дипломатиялык каражаттардын баарын колдонобуз.

Украин тышкы иштер министринин орун басары Вадим Пристайко “Америка добушу” радиосу менен маегинде армиянын жабдылышы азыр бир топ жакшырганын, украин армиясы танкттарга, Калашников автоматына эмес, жогорку технологиялуу куралга, артиллерияга каршы батареяларга муктаж экенин айткан.

Бирок айрым талдоочулардын пикиринде, Батыш Украинага курал бербейт. Согуштук жардам Орусиянын жикчилдерге колдоосун огобетер күчөтүшүнө түртөт.

Ошондой эле украин жаңжалы Батыштын Орусияны ооздуктоо мүдөөсү деген ырастоолорго негиз жаратмак.

Орусия "жикчилдерге курал жана аскерий жагынан жардам берүүдө" деген Киевдин жана Батыштын өзүн айыптаган ырастоолорун такай четке кагып келет.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG