Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:37

Мамкатчы Клинтон Иранга убакыт тар экенин эскертти


Ирандын ядролук өнөр жайындагы ийгилигин күбөлөгөн көргөзмөдөгү атомдук станциянын модели. Исфахан. 18-ноябрь 2009
Ирандын ядролук өнөр жайындагы ийгилигин күбөлөгөн көргөзмөдөгү атомдук станциянын модели. Исфахан. 18-ноябрь 2009

Иран бийликтери быйыл жайда кармалган үч америкалыкты шпиондук кылганы үчүн соттомок болуп жатканын билдирди.

АКШнын Мамкатчысы Хиллари Клинтондун кайрылуусуна Иран оң жооп береби?
Хиллари Клинтон дүйшөмбү күнкү кайрылуусунда Ирандын америкалык үч жаранды шпиондук кылды деп “негизсиз” айыптап жатканын айтып, аларды бошотууну сурады:

-Биз айыптоону такыр негизсиз деп эсептейбиз. Андай айыптоого эч кандай негиз жок. Иранда кармалган үч жаш адамдын Иран мамлекетине же өкмөтүнө каршы аракеттерге эч кандай тиешеси жок. Алардын кыдырып жүрүп, ырасталгандай, белгиси жок чекаранын ичине жаңылышып кирип кеткени ырас.

АКШ жарандары-27 жаштагы Шейн Бауэр, 31 жаштагы Сара Шоурд жана 27-жаштагы Жош Фэттел учурда Тегеранда абакта отурушат. Калифорниядагы Бэркли университетин эми бүтүргөн бул үчөөнүн туугандарынын сөзүнчө, алар 31-июлда Ирактын түндүгүндөгү Күртистан регионун кыдырып жүрүп, байкабастан Иран тарапка өтүп кетишкен.

Клинтон кайрылууну 14-декабрда Ирандын Тышкы иштер министри Манучер Моттаки азыр сурак берип жаткан үч америкалык жоопко тартыларын билдиргенден соң жасады.

АКШнын Мамкатчысы ушул эле күнү Ирандын ядролук дымагына байланыштуу кооптонуусун билдирди. Бирок, Ирандын ядролук
Иранга күч-кубат берген "Сажил" ракетасы сынак учурунда. 12-ноябрь 2008
бомбаны ишке киргизчү тепкини жасоо аракетин күбөлөгөн маалыматка карата пикирин айткан жок. Мындай маалыматты дүйшөмбү күнү Лондондун “Таймс” басылмасы чалгындоо кызматтарынан алган документке таянып кабарлаган эле.

-Ирандын ядролук программасына байланыштуу дымагына карата өз тынчсыздануубузду өткөн айда Кум шаарындагы жашыруун жабдуулары бар экени белгилүү болгондо билдиргенбиз. Ирандыктар Тегерандагы эксперименталдык реактору үчүн уранды байытуу боюнча сүйлөшүүнүн шартын аткарбай, сүйлөшүү токтогон. Албетте, Иран парламентинин 10, 20 жана андан көп ядролук реактор куруу планы жөнүндөгү жарыясы бардык элди чочутту,- деди Хиллари Клинтон.

Барак Обама Ак Үйгө келген бир жылдан бери Ирандын ядролук программасы боюнча сүйлөшүүдө өз ара мунасага келүүнүн аракетин кылууда. Эгер Иран сүйлөшүүгө ынабаса, эл аралык коомчулук БУУнун Коопсуздук Кеңешинин санкция киргизүүсүн колдошу керек, деп санайт Ак Үй.

Дүйшөмбү күнү Хиллари Клинтон сүйлөшүүгө бөлүнгөн убакыт бүтүп калышы этимал экенин Иран жетекчилигинин эсине салды:

-Биз президент Обаманын көрсөтмөсүнө ылайык Иран менен эки багытта иштештик. Биз ирандык өнөктөштөргө чыгып, аларды терең мазмундуу сүйлөшүүгө чакырдык. Биз 5+1 сүйлөшүүсүнө толук кошулдук. Бирок биздин аракетибизге ирандыктар эч кандай позитивдүү жооп бербеди жана мындан эч ким күмөн санабайт деп ойлом.

Иран ядролук программасы тынчтык максатын көздөйт деп ырастап келет. Бирок БУУ Ирандын программасы электр энергиясын өндүрүү багытталганына көп ишене бербейт.

XS
SM
MD
LG