Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:31

АКШда өзбек жараны "террорист" деп кармалды


Жамшид Мухторов АКШга келгенден кийин динге катуу берилип кеткен

Жамшид Мухторов АКШга келгенден кийин динге катуу берилип кеткен

Өткөн аптада (23-январда) АКШнын Чикаго шаарындагы аэропортто Федералдык иликтөөлөр бюросу өзбекстандык жаран, мурдагы укук коргоочу Жамшид Мухторовду “террористтик уюмдун мүчөсү” деп камады.

Ошол эле кезде Мухторов АКШда теракт даярдап жаткандыгы тууралуу полицияда эч кандай далил жок экенин да айтышты.

Колорадо штатында жашаган 35 жаштагы Жамшид Мухторов Түркияга бараткан жеринен кармалды.

ФБР аны “Ислам жихад кыймылына” кошулуп, алар үчүн иштегени жөнөгөн деп жатат. Азырынча тергөө иштери жүрүүдө.

Тергөөчүлөр ал жашаган үйдү тинтип, ноутбугу менен Blackberry чөнтөк телефонун алыш үчүн, анын электрондук дарегин буздуруп, ичиндеги маалыматты окуш үчүн ордер алышкан.

"Тойго" жөнөгөн жигит

Америкадагы Федералдык иликтөө бюросунан айтышкандай, Мухторов террористтик уюмдун өкүлдөрү менен түрдүү сыр сөздөр аркылуу кат алмашып турган.

Маселен, ал ошол уюмдан байланышка чыккан адам менен жазышкан катында өзүн “тойго” чакырышын сураныптыр. “Той” деген сөздү азыр тергөөчүлөр башка мааниде карап жатышат. Болгондо да “тойдо кандай гана кызмат болбосун, баарына, керек болсо, өлүмгө да даяр экенин" айткан.

АКШга келгенге чейин Ж.Мухторов динге анча берилбеген адам укугун коргоочу активист болчу дешет

АКШга келгенге чейин Ж.Мухторов динге анча берилбеген адам укугун коргоочу активист болчу дешет

Чалгынчылар Мухторовдун кат алмашууларын бир канча ай текшерип, аңдып жүрүшкөн экен. Алардын айтымында, былтыр апрелде ал уюмга жазган катында “тойго белек кылып акча салганы жатканын” айтат. Бир айдан кийин жазылган катта болсо “ошол белекти бериш үчүн өзү Стамбулга жөнөгөнүн” жазган.

Мунун баарын АКШдагы “The Huffington Post” гезити жазды.

Азыр Америкада жашаган өзбекстандык саясий качкын Ахмаджон Рахимов “Азаттыктын” өзбек кызматына сүйлөп жатып, алгач Мухторов динге деле кызыкпаганын айтты.

"Айылдык токтоо жигит..."

"Менин билишимче, ал АКШга 2007-жылы келген, - деди Рахимов. - Алгач динге анча деле кызыккан адам болгон эмес. Бул жакта катуу берилип кетти окшойт".

Рахимовдун айтымында, Жамшид көп сүйлөбөгөн, айылдык токтоо жигит. Аны менен эки жолу жолугушуп, бир нече ирет телефондон сүйлөшкөн экен. “Майда-чүйдө иштер менен эле алек болуп жүргөн”, - дейт Рахимов.

Жогорудагы басылманын кабарчылары да камалган өзбек жаранынын кошуналары менен сүйлөшүп, ал тууралуу ойлорун келтиришти. Кошуналарынын айтымында, Жамшид жүк ташуучу машине айдачу, үч перзенти жана аялы болуп жашашчу.

Алар көбүнчө эшигинин алдында, сыртта шашлык жасап калышчу дешет, анан 6 жаштагы кызы менен 4 жаштагы уулу ойногону анда-санда көчөгө чыгышчу экен.

Себепти издеп...

Бул АКШда өзбек жарандарына байланышкан чуулгандуу жалгыз иш эмес. Былтыр жайында 21 жаштагы Улугбек Кодиров “президент Барак Обаманын өмүрүнө коркунуч келтирген” деп камалган.

Өзбекстандык саясий качкын Ахмаджон Рахимов бизге сүйлөп жатып, эмне үчүн АКШдагы өзбек жаштары мындай радикал топтордун иштери менен байланышкан кылмыштар үчүн айыпталып жатышканына токтолду.

"Өзбекстандын жана Борбор Азиянын диний эркиндиги жок өлкөлөрүнөн жаштар андай эркиндик бар Америкага келишет да, көбүнчө натуура адамдарга туш болуп калышат, - деп эсептейт ал. - Жаштар интернеттеги түрдүү сайттар аркылуу динди окушат. Мен Өзбекстанда дин эркиндигинин жоктугун азыркы окуяларга негизги себеп кылып көрсөтөөр элем, анткени жаштар мекенинде көрбөгөнүн ушул жерден көрүшөт".

Эми непада Жамшид Мухторовдун күнөөсү далилденсе, ал 15 жылга чейин түрмөгө кесилиши жана 250 000 доллар айып пулга жыгылышы мүмкүн.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG