Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:11

АКШ Конгресси Обаманын ветосун четке какты


АКШ президенти Барак Обама.
АКШ президенти Барак Обама.

АКШ Конгресси Барак Обама президент болгондон бери биринчи ирет анын ветосун жокко чыгарды. Эми америкалыктарга 2001-жылдын 11-сентябрындагы теракт боюнча Сауд Арабияны сотко берүүгө жол ачылды.

АКШ Конгресси президент Барак Обаманын ветосун биринчи ирет четке какты. 77 конгрессмен Обаманы колдосо, 348и каршы болду.

Эми күчүнө кире турган мыйзамга ылайык, 2001-жылдын 11-сентябрындагы теракттан жабыр тарткандар Сауд Арабияны АКШда сотко берүүгө жол ачылат.

Обама бул ансыз да Жакынкы Чыгышта кризис күчөп жатканда АКШнын дүйнөдөгү маанилүү өнөктөштөрү менен пикир келишпестикке алып келет дейт.

Ошондой эле Обама мыйзам башка мамлекеттер Вашингтондун өзүнө, согуштук аракеттери үчүн АКШ армиясына да доо кетирерин белгилейт. Кошмо Штаттары ушу тапта бир катар эл аралык талаштуу иштерге, анын ичинде Жакынкы Чыгыштагы жаңжалга жигердүү аралашууда.

- Бул негизинен саясий максаттагы добуш берүү болду. Мен аны түшүнөм. Бирок, башкы командачы катары менин ишим бул биздин жалпы максаттарга кандай таасир этер экен деп алдыга кароо. Эгер биз суверендүү иммунитеттин бул түшүнүгүн алып таштасак, анда дүйнөнүн ар кайсы бурчундагы биздин аскер кийимчен аялдарыбыз менен эркектерибиз ошондой аракеттин объектиси болуп калышы толук ыктымал. Бул кооптуу өнөкөт, - деди Барак Обама.

Эл аралык укук принцибинде суверендүү иммунитет түшүнүгү бар. Ага ылайык, кайсы бир эгемен өлкө башка бир өлкөнүн органдарына баш ийбейт. Анын ичинде сотуна дагы.

Ал эми мыйзамды колдогондордун бири, Коннектикут штатынан сенатор Ричард Блюменталь болбой эле:

- Сауд Арабиясынын өкмөтү же ал жактагы айрым мекемелер жана аткаминерлер АКШнын тарыхындагы эң көп киши өлтүрүүлөрдүн бирине себепчи болгону тууралуу далилдер бар. Ал фактылардын артындагы чындыктар адилеттүүлүктү орното турган сотко берилиши керек, - деп көшөрөт.

Теракт болгондон ушу кезге чейин бир катар америкалык саясатчылар, эксперттер 11-сентябрдагы чабуулга Сауд Арабия өкмөтү кандайдыр жоопкер экенин айтып келишет. Анткени саудиялыктар “алкаидачылардын” жана алардын лидери Усама бен Ладендин ашынып баратканына көз жумду мамиле кылышкан дешет.

Сауд Арабия бул мыйзам долбоорун кескин сынга алып, катыра жооп кайтарарын эскертип келет.

Тагыраагы, арабиялыктар айрым америкалык аткаминерлер менен байланышты үзүп, ал тургай АКШдагы миллиарддаган долларлык капиталдарын чыгарып кетерин айтышкан. Ошондой эле Перс булуңундагы өлкөлөрдү терроризмге каршы күрөштү басаңдатууга көндүрүп, Жакынкы Чыгышта АКШ базаларын жайгаштырууну чектөөгө көмөктөшөрүн билдирип, коркутууда.

2001-жылдын 11-сентябрындагы теракт
2001-жылдын 11-сентябрындагы теракт

2001-жылдын 11-сентябрында, Нью-Йорктогу теракттан үч миңдей адам өлүп, алты миңден ашууну жараат алган. Жанкечтилер барымтага алган учактар менен эгиз мунара деп аталган көп кабаттуу соода борборлорун сүздүрүшкөн.

Муну “Ал-Каида” террордук уюму жасады деп табылган. 19 жанкечтинин 15и саудиялыктар экени ашкереленген.

XS
SM
MD
LG